Кара-Суудагы жаңы көп кабаттуу турак үйлөрдүн сейсмикалык бекемдиги текшерилди

1-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 97

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун Түштүк башкармалыгы Ош облусунун Кара-Суу районундагы ВЛКСМ айылында салынып жаткан көп кабаттуу турак үйлөргө инженердик текшерүү жүргүздү.

Маалыматка ылайык, текшерүү “Евразия Строй Групп” ЖЧКсы тарабынан курулуп жаткан турак үйлөрдүн техникалык абалын аныктоо максатында уюштурулган. Учурда объекттин бир блогунун курулушу дээрлик аяктап, экинчи блогунун курулуш иштери башталган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө адистер долбоордук жана техникалык документтерди карап чыгып, имараттардын конструкциялык элементтеринин ишенимдүүлүгүн аныктоо үчүн тиешелүү техникалык өлчөөлөрдү жүргүзүштү.

Жыйынтыгында курулуш конструкцияларынын техникалык абалы боюнча корутунду даярдалып, объектти коопсуз пайдаланууга байланыштуу сунуштар иштелип чыгары маалымдалды.

1-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 97
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X