«Каракол» аэропорту биринчи эл аралык каттамды кабыл алууга даярданууда

30-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 100

«Каракол» эл аралык аэропортунда учуу-конуу тилкесин узартуу иштери жыйынтыкталып, долбоор 95 пайызга аткарылды.

Учурда жаңы тилкеге заманбап жарык-сигнал берүүчү жабдуулар орнотулуп, аларды ишке киргизүү жана учурдагы системага кошуу иштери жүрүүдө.

Аэропорттогу бардык даярдык иштери аяктагандан кийин аба кемелери күндүз да, түнкүсүн да кабыл алынып, жөнөтүлөт.

Алгачкы техникалык эл аралык каттамды «Каракол» аэропортуна август айынын ортосунда кабыл алуу пландалууда. Ошондой эле авиакомпаниялар менен туруктуу эл аралык каттамдарды ачуу боюнча сүйлөшүүлөр уланууда.

Долбоордун максаты — аймактык авиациялык инфраструктураны өнүктүрүп, Каракол аэропортун эл аралык деңгээлдеги заманбап аба дарбазасына айландыруу.

30-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 100
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X