Каракол, Ак-Булуң жана Жыргалаң жолдорунун курулушу текшерилди
Транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары Тариэль Жаныбеков Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө аймактагы жол куруу жана реконструкциялоо иштеринин абалы менен таанышты.
Иш сапардын алкагында «Каракол – Эңилчек», «Ак-Булуң – Токтогул», «Каракол – Раздольный – Советский – Сыртзавод» автомобиль жолдорун реконструкциялоо, ошондой эле «Бозучук – Жыргалаң айылы» жолунун айрым тилкелерине асфальт-бетон төшөө жана «Жыргалаң» тоо-лыжа курортуна алып баруучу жолдорду куруу долбоорлору каралды.
Текшерүүнүн жүрүшүндө курулуш иштеринин темпи, сапаты жана белгиленген мөөнөттөрдүн аткарылышы талкууланды. Тариэль Жаныбеков тиешелүү кызматтарга жана подряддык уюмдарга иштерди күчөтүү, бекитилген графикти сактоо жана объектилерди өз убагында пайдаланууга берүү боюнча тапшырмаларды берди.
Министрлик өлкө аймагындагы жол инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча долбоорлордун сапаттуу аткарылышын жана мөөнөттөрдүн сакталышын көзөмөлдөөнү улантат.