Каракол мэриясында 329,7 млн сомдук атайын техника сатып алууда мыйзам бузуу аныкталды

2-июль, 2026-ж. / Редакция / Кылмыш 157

Каракол шаарынын прокуратурасы тарабынан бюджеттик каражаттардын сарпталышы боюнча Каракол шаарынын мэриясында жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзам бузуу фактылары аныкталды.

Текшерүүдө мэриянын муктаждыктары үчүн республикалык бюджеттен бөлүнгөн 329 миллион 700 миң сом каражатка жалпы 31 даана атайын техника сатылып алынганы белгилүү болгон. Ошол эле учурда техникалардын бир бөлүгү белгиленген ченемдерге жана техникалык талаптарга жооп бербестиги аныкталган.

Тактап айтканда, 5 таштанды ташуучу унаада, 3 өзү түшүрүүчү жүк ташуучу унаада жана 2 жол тазалоочу унаада техникалык кемчиликтер табылган. Анын кесепетинен мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилгени белгиленди.

Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») боюнча кылмыш иши козголду.

Учурда кылмыш ишинин алкагында зарыл болгон тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат. Тергөөнүн жүрүшү прокуратуранын көзөмөлүндө.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X