Каракол шаарына жаңы мэр дайындалды
Каныбек Адиев Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын мэри кызматынан бошотулду.
Анын ордуна аталган кызматка Талантбек Иманов дайындалды.
Бул тууралуу Президенттик Администрациянын басма сөз кызматы кабарлап, тиешелүү тескемеге мамлекет башчысынын кол койгонун билдирди.
Эске салсак, Талантбек Иманов буга чейин Президентинин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү болуп иштеген.
