Каракол шаарындагы борбордук сейил бак реконструкцияланууда
Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Каракол шаарындагы 100 жылдык тарыхы бар А.С. Пушкин атындагы борбордук сейил бактагы реконструкция иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Жалпы аянты 7,5 гектарды түзгөн эс алуу жайы Курулуш министрлигине караштуу “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы тарабынан жаңыланууда. Долбоордун негизги максаты — шаар тургундары жана меймандары үчүн заманбап, ыңгайлуу эс алуу мейкиндигин түзүү.
Учурда сейил бактагы 12 аттракциондун курулушу толугу менен аяктады. Калган объектилер боюнча бетон жумуштары бүткөрүлүп, административдик имараттын курулушу жыйынтыкталды. Азыркы учурда амфитеатр, кафетерий жана башка көмөкчү жайларда курулуш иштери уланууда.
Мындан тышкары, аймактагы инженердик тармактарды орнотуу иштери аяктап, велосипед жолу, унаа токтотуучу жай жана жашылдандыруу багытындагы иштер аткарылууда. Бүгүнкү күндө 5 гектар аянтка газон төшөө жана автоматтык сугаруу системасын орнотуу иштери жүргүзүлүп жатат.
Реконструкция долбооруна ылайык, сейил бакта заманбап аттракциондор, фонтан, балдар үчүн лабиринт, тамактануучу жайлар, спорттук жана эс алуу аянтчалары каралган.
Министр Нурдан Орунтаев объекттеги иштердин жүрүшүн көрүп чыгып, реконструкция иштерин белгиленген мөөнөттө бүтүрүү жана сапатын камсыздоо боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.
Белгилей кетсек, Каракол шаарындагы тарыхый сейил бакты жаңылоо иштери үстүбүздөгү жылдын февраль айында башталган.