Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Каракол шаарында өспүрүм балдар унаа уурдап баратып кырсыкка кабылышкан. Маалыматка ылайык, 6-майда Каракол ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө 36 жаштагы жергиликтүү тургун кайрылып, 5-майдан 6-майга караган түнү белгисиз адамдар үйдүн жанында токтоп турган «Фольксваген-Пассат» унаасын уурдап кетишкендигин билдирип, арыз менен кайрылган. Бул факт Каракол ШИИБ тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 206-беренеси менен (Автотранспорт каражаттарын уурдоо) катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Издөө иштеринин жүрүшүндө, Ак-Суу районунун Жолколот айылындагы Панорама участкасынан «Фольксваген-Пассат» үлгүсүндөгү унаа жол кырсыгына кабылган абалда табылган. Кырсыктын кесепетинен 15 жаштагы Ю.Р., 15 жаштагы С.Д., 14 жаштагы И.А. жана 13 жаштагы М.К. Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасына жаткырылган.
Тергөө ишинин алкагында өспүрүмдөр арыз ээсине таандык «Фольксваген-Пассат» үлгүсүндөгү унааны уурдап, Панорамага барып, жол кырсыгына кабылгандары аныкталган.
9-май күнү унаа уурдоого катышкандардын бири — 13 жаштагы М.К. аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүндө көз жумду. Каза болгон өспүрүм Жети-Өгүз районунун Дархан айылынан, ал эми калган үчөө Ысык-Көл облустук ооруканасында дарыланышууда. Белгилүү болгондой, балдардын биринин абалы оор деп бааланууда.
Алдын ала маалыматтар боюнча, өспүрүмдөр ушуну менен төртүнчү ирет уурулукка катышып, буга чейин алар бодо мал уурдаганы айтылууда.