Каракол шаарында айыл чарба багытындагы жерге мыйзамсыз курулган объект буздурулуп, жер тилкеси баштапкы абалына келтирилди.
Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, көзөмөл иш-чараларынын жүрүшүндө 450 чарчы метр айыл чарба багытындагы жерге укук ырастоочу жана уруксат берүүчү документтерсиз, ошондой эле жердин максаттуу багытын бузуу менен турак үй курулуп жатканы аныкталган.
Прокуратуранын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте көргөн чараларынын натыйжасында мыйзамсыз курулуш алынып салынып, жер тилкеси мурдагы абалына келтирилди.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 212-беренеси («Бөтөн жер участогун өзүм билемдик менен ээлеп алуу жана максаттуу багытын бузуу менен айыл чарба багытындагы жерлерге өзүм билемдик менен курулуш куруу») боюнча кылмыш иши козголду. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.