Караколдо эл аралык деңгээлдеги “Relax-Inn” мейманкана комплекси курулат

23-май, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 205

 22-майда Каракол шаарында эл аралык деңгээлдеги “Relax-Inn” инновациялык мейманкана комплексин куруу боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) долбоорун ишке ашырууга арналган үч тараптуу макулдашууга кол коюлду.

Макулдашууга Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик, «Ысык-Көл» бирдиктүү башкаруучу компаниясы» мамлекеттик ишканасы жана «Кедра» ЖЧКсы катышты.

Долбоордун алкагында заманбап, санариптик жана энергияны үнөмдөөчү технологиялар колдонулган эл аралык стандарттагы мейманкана комплекси курулат. Долбоор МЖӨнүн DBFOMT модели аркылуу ишке ашырылып, жалпы инвестициянын көлөмү болжол менен 5 миллион АКШ долларын түзөт. Каржылоо толугу менен жеке өнөктөштүн каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшанбек Сабиров заманбап туристтик инфраструктураны өнүктүрүү өлкөнүн инвестициялык саясатындагы артыкчылыктуу багыттардын бири экенин белгиледи.

Анын айтымында, долбоордун ишке ашырылышы Ысык-Көл облусунун туристтик мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана аймакка кошумча инвестицияларды тартууга шарт түзөт.

Долбоордун негизинде 100–200 орундуу мейманкана комплекси, ден соолукту чыңдоочу, ишкердик жана коомдук багыттагы кошумча инфраструктура объектилери курулат.

Мындан тышкары, Каракол шаарында кризистик борбор курулуп, ал келечекте мамлекеттин балансына акысыз өткөрүп берилери маалымдалды.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X