Караколдо эл аралык деңгээлдеги жаңы спорт комплекси курулууда
Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы Кашка-Суу кичи районунда эл аралык талаптарга жооп берген заманбап спорт комплекси курулуп жатат.
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин маалыматына ылайык, 12 гектар аянтка спорт интернаты, көп функционалдуу спорт комплекси, олимпиадалык стандарттагы бассейн жана 200 орундуу мейманкана салынат.
Учурда курулуш иштери белгиленген график боюнча жүрүүдө. Жер казуу иштеринин негизги бөлүгү аяктап, эми пайдубал куруу жана темир-бетон конструкцияларын орнотуу этабына даярдык көрүлүп жатат.
Жаңы спорт комплекси спортчуларды заманбап шартта даярдоого, окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүүгө жана эл аралык мелдештерди кабыл алууга мүмкүнчүлүк түзөт. Долбоордун курулушу «Кыргызкурулуш» мамлекеттик ишканасынын көзөмөлүндө жүргүзүлүүдө.