Караколдо эл аралык мелдештерди кабыл ала турган спорт шаарчасы курулууда

10-август, 2026-ж. / Редакция / Коом 114

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Каракол шаарындагы Кашка-Суу кичи районунда курулуп жаткан заманбап спорт шаарчасынын курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Аянты 12 гектарды түзгөн долбоор Курулуш министрлиги тарабынан ишке ашырылып, спорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган. Долбоордун алкагында 275 орундуу спорт интернаты, эл аралык стандарттагы 5000 орунга ылайыкталган көп функционалдуу спорт комплекси, олимпиадалык стандарттагы бассейн жана 200 орундуу мейманкана курулат.

Текшерүүнүн жүрүшүндө министр курулуш иштеринин сапатына көңүл буруп, объектти белгиленген мөөнөттө бүткөрүү, курулуш ченемдерин жана техникалык талаптарды так сактоо боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.

Учурда объектте пайдубалдарды куруу жана темир-бетон конструкцияларын даярдоо иштери жүргүзүлүүдө. Мейманкананын пайдубал балкаларын жана ресторандын мамыларын арматуралоо иштери уланууда. Ошондой эле бассейн курула турган аймакта жер казуу иштери башталды.

Screenshot

Долбоордун ишке ашырылышы спортчуларды даярдоо, окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүү жана эл аралык деңгээлдеги мелдештерди уюштуруу үчүн заманбап спорттук инфраструктураны түзүүгө шарт түзөт. Курулуш иштери “Кыргызкурулуш”мамлекеттик ишканасынын көзөмөлүндө жүргүзүлүүдө.

10-август, 2026-ж. / Редакция / Коом 114
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X