Караколдо эски мектеп-интернат заманбап билим берүү борборуна айланат
Каракол шаарындагы Т. Сатылганов атындагы кыздар жана балдар мектеп-интернаты биринчи жолу толук капиталдык оңдоодон өткөрүлүүдө. Бул максатка республикалык бюджеттен 477 миллион сом бөлүнгөн.
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, учурда объектте чатырды толугу менен алмаштыруу, ички жасалгалоо жана инженердик коммуникацияларды жаңылоо иштери жүрүп жатат.
Жалпы аянты 10 миң 650 чарчы метрди түзгөн мектеп-интернат үч корпустан турат. Имарат 1963-жылы 800 орунга ылайыкталып курулуп, андан бери бир да жолу толук капиталдык оңдоодон өткөн эмес.
Долбоордун алкагында имараттын сырткы көрүнүшү жаңыланып, бардык инженердик тармактар модернизацияланат. Ошондой эле окуу класстары, китепкана, ашкана жана жыйындар залы заманбап талаптарга ылайык оңдолот.
Министрлик капиталдык оңдоо иштеринин жүрүшү өзгөчө көзөмөлдө экенин маалымдады.