Караколдо заманбап таштанды иштетүүчү завод курулууда (видео)

30-март, 2026-ж. / Редакция / Аймак 133

Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Жетигенов Каракол шаарынын четинде курулуп жаткан таштанды өрттөөчү заводдун курулуш иштери менен жеринен таанышты.

Сапардын жүрүшүндө ал Кытайдын «Цзюньсинь Хуаньбао» компаниясынын генералдык директору Дай Даого менен жолугушуп, долбоордун жүрүшүн жана келечектеги мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады. Белгиленгендей, курулуш иштери бекитилген графикке ылайык жүрүп жатат.

Бул завод аймактагы таштанды маселесин чечүүгө, айлана-чөйрөнү коргоого жана заманбап технологияларды киргизүүгө багытталган.

Долбоор социалдык жактан да маанилүү болуп, жумушчулар үчүн түзүлгөн турак-жай шарттары менен да таанышуу болду.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар долбоордун техникалык жана уюштуруучулук иштерин тыкыр көзөмөлдөөнү улантуу боюнча макулдашышты.

30-март, 2026-ж. / Редакция / Аймак 133
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X