Караколдо жаштар үчүн жаңы борбор ачылды
Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында жаштардын билим алуусуна, өзүн өнүктүрүүсүнө жана коомдук демилгелерин ишке ашыруусуна багытталган жаңы Жаштар борбору ачылды.
Ачылыш аземи 6-октябрда өтүп, ага Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков, БУУӨПтүн, мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын, өнөктөш уюмдардын өкүлдөрү жана жаштар катышты.

Союзбек Надырбеков борбордун ачылышы менен жаштарды куттуктап, мындай ачык мейкиндиктер жаштардын билим алуусуна, жаңы көндүмдөрдү өздөштүрүүсүнө жана демилгелерин ишке ашыруусуна маанилүү шарт түзөрүн белгиледи.
Жаңы борбордо жаштар билим жана тажрыйба алмашып, чыгармачылык менен алектенип, жаңы көндүмдөрдү үйрөнүп, коомдук долбоорлорун ишке ашыра алышат.
Белгилей кетсек, 2026-жылы өнөктөштөрдүн колдоосу менен Баткен шаарында, Чүй облусунун Москва районундагы Садовое айылында жана Ош шаарында да жаштар үчүн борборлор жана мейкиндиктер ачылган.