Караколдогу ипотекалык турак жайлардын алгачкы 6 блогу жакын арада пайдаланууга берилет
Каракол шаарындагы Хан-Теңири кичи районунда курулуп жаткан ипотекалык турак жай комплексинин алгачкы алты блогу жакынкы күндөрү пайдаланууга берилет. Учурда курулуштун акыркы этаптары жана айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү иштери аяктоо алдында турат.
Маалыматка ылайык, күз мезгилине чейин 330 жаран жаңы батирлердин ээси болот. Ал эми калган батирлерди күз айларында тапшыруу пландалууда.
«Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКнын билдиришинче, 2026-жылы Ысык-Көл облусунда жалпысынан 1430 жаранды турак жай менен камсыз кылуу мерчемделген.
Хан-Теңири кичи районунда жалпы 28 блоктон турган турак жай комплекси курулууда. Анын алгачкы алтысы ушул жай мезгилинде пайдаланууга берилсе, калган үйлөрдү жыл соңуна чейин бүтүрүү пландалып жатат.
Учурда Ысык-Көл облусунда ипотекалык турак жай алуу үчүн кезекте 6 миңге жакын жаран турат. Эгер быйылкы курулуш иштери белгиленген мөөнөттө аяктаса, жыл аягына чейин 2 миңге жакын адам жаңы батирге ээ болот.