Кардарлардын кайрылуулары калыстык менен каралат
Адатта рынок экономикасынын шартында жарандар менен банктардын, финансылык-кредиттик уюмдардын ортосунда кызматташуу активдүү жүрүп турат. Мындай кызматташуулардын жүрүшүндө пикир келишпестиктер, кайрылуулар болбой койбойт. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Ушуга байланыштуу азыркы учурда банк кардарларынын укуктарын сактоонун, коргоонун абалы кандай болуп жаткандыгы тууралуу КРнын Улуттук банкына бир нече суроолор менен кайрылганыбызда анын тийиштүү адистеринен төмөндөгүдөй жоопторду алдык.
— Финансы-кредит уюму менен пикир келишпестик келип чыккан учурда эмне кылуу керек?
— «Банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамдын (мындан ары – Мыйзам) 6-беренесинин 1-пунктуна ылайык, банктардын, банк эмес финансы-кредит уюмдардын кардарлар менен өз ара мамилелери ушул Мыйзамга ылайык өнөктөштүк принцибинин, Кыргыз Республикасынын жарандык жана башка мыйзамдарынын негизинде түзүлөт.
Керектөөчүнүн кайрылуусу негиздүү жана укук ченемдүү болуп далилденген учурда, ФКУ орун алган мыйзам бузууларды четтетүү, керектөөчүнүн укуктарын калыбына келтирүү жагында тиешелүү чараларды кабыл алат.
— Жарандардын кайрылууларын кароонун белгилүү бир жол-жобосу барбы?
— Албетте бар. «Банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо жана керектөөчүлөрдүн кайрылууларын кароо тартибине карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобого ылайык, ар бир финансы-кредит уюмунда кайрылууларды кароо жол-жобосу болуусу зарыл.
ФКУ кайрылуулардын адилеттүү, ар тараптуу жана өз убагында каралышын камсыз кылууга жана белгиленген тартипте алар боюнча түшүндүрмө берүүгө милдеттүү.
Керектөөчүлөрдүн кайрылуулары оозеки сыяктуу эле (телефон аркылуу же кабыл алууга катталуу), кат жүзүндө сунушталышы, жеткирилип берилиши, почта байланышы аркылуу жөнөтүлүшү, ФКУнун электрондук почтасына жөнөтүлүшү же даттанууларды жана сунуштарды каттоо китепчесинде чагылдырылышы мүмкүндүгүн белгилеп кетмекчибиз.
— Кайрылууну кантип туура жазууга болот?
— Мында документтин кандайдыр бир бирдиктүү формасы жок. Кайрылууну эркин жазууга болот. Бирок, жазуу түрүндөгү өтүнүч катка карата белгиленген жалпы талаптарга таянуу зарыл. Жазуу түрүндөгү кайрылууда сөзсүз түрдө кайрылуу кимден жана кимге даректелгендигин, башкача айтканда жеке маалыматыңызды: жооп кайра жөнөтүлүүчү дарек, телефон номери; кайрылуу даректелген финансы-кредит уюмдун аталышы жана белгилүү бир кызмат адамынын аты-жөнү көрсөтүлүүгө тийиш. Кайрылууда өтүнүч каттын же даттануунун мазмунун, башкача айтканда иштин айкын жагдайын, далилдерди келтирүү менен банктын кандай аракеттери же аракеттенбей коюуларынан улам сиздин кайсы укуктарыңыз бузууга жол берилгендигин чагылдыруу
зарыл.
— ФКУ жоопту канча убакыт ичинде берүүгө тийиш?
— Керектөөчүлөрдөн ФКУга келип түшкөн жазуу жүзүндөгү кайрылуулары отуз календардык күндөн кечиктирилбестен каралууга жана ага жазуу жүзүндө жооп жөнөтүлүүгө тийиш.
— Улуттук банкка даттануулар менен ким, кандай маселелер жана канчалык көп кайрылышат?
— Негизинен даттануулар менен бизге ФКУнун кардарлары – банктык жана микрофинансылык кызматтардан керектөөчүлөр кайрылышат. Көпчүлүк учурда керектөөчүлөр кредиттерин реструктуризациялоого көмөктөшүү, кандайдыр бир талаш маселелер боюнча же бузууга жол берилген укуктарын калыбына келтирүү өтүнүчү менен кайрылышат.
— Кандай учурларда Улуттук банкка кайрылууга болот жана кантип жардам бере аласыздар?
— Алгач, «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 40-беренесине ылайык, Улуттук банк Кыргыз Республикасынын банк системасынын ишин көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу орган болуп санала тургандыгын белгилеп кетүү зарыл. Ошондой эле, аталган берененин 5-пунктуна ылайык, ушул мыйзамда каралган учурларды эске албаганда, Улуттук банк банктардын күндөлүк ишине кийлигишпейт. Башкача айтканда, коммерциялык банк же банк эмес финансы-кредит уюму тарабынан мыйзам талабы кандайдыр бир бузууларга жол берилбесе, Улуттук банк жана башка мамлекеттик бийлик органдары алардын кардар менен иш алып баруусуна кийлигишүүгө укугу жок. Эгерде, керектөөчүнүн укугу бузууга жол берилсе же ал финансы-кредит уюмунун иш-аракети менен макул болбосо же буга чейин ФКУга жазуу түрүндө кайрылып, бирок кабыл алынган чечим менен макул болбосо, анда ал албетте Улуттук банкка финансы-кредит уюмунун ишине карата кандайдыр бир чара көрүү өтүнүчү же даттануу менен кайрылууга укуктуу. Кайрылууну кылдат карап чыгуунун жыйынтыгында Улуттук банктын талаптары бузууга жол берилгендиги аныкталса, ага карата таасир этүү чаралары колдонулушу мүмкүн.
— Улуттук банк тарабынан жарандардын каттарын, арыздарын жана даттанууларын кароо тартиби жөнүндө айта кетсеңиз?
— Жарандарды кабыл алуу, кайрылууларды жана даттанууларды каттоо жана кароо үчүн Улуттук банкта туруктуу негизде коомдук кабылдама, ошондой эле Улуттук банктын компетенциясына кирген маселелер боюнча коомчулукка маалымат жана консультация берген Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо бөлүмү иштейт.
Кайрылууларды кароодо биз «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» мыйзамга, ошондой эле ушул ченемдик-укуктук актынын негизинде иштелип чыккан Улуттук банктын ички жоболоруна таянуу менен иш алып барабыз. Жарандын арызы, даттануусу негиздүү болуусу абзел. Зарыл учурда, өтүнүч каттын ээсинин даттанууларын далилдеген документтерди тиркөө керек.
Белгилей кетүүчү нерсе, керектөөчүнүн жеке маалыматтары, ошондой эле кайра жооп жөнөтүлүүчү почта дареги көрсөтүлбөгөн кат жүзүндөгү кайрылуу анонимдүү катары таанылат жана ал кароого алынбайт.
Улуттук банкка жазуу жүзүндө сунушталган кайрылуу, катталган күндөн тартып 14 жумуш күнү ичинде каралат. Бирок жарандын кайрылуусу боюнча маселени чечүүдө атайын текшерүү (экспертиза), кошумча материалдарды талап кылуу же башка чараларды көрүү зарыл болгон учурда, даттанууну кароо мөөнөтү 30 календардык күнгө чейин узартылышы мүмкүн.
Бул сунуштар финансылык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдаланган керектөөчүлөргө кредитор менен так жана сабаттуу иш алып барууга жардам берет деп ишенебиз.
Жогорудагыларды эске алып, жарандар финансы-кредиттик уюмдардын аракеттери/аракетсиздиги жөнүндө арыз же даттануу менен Улуттук банктын Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо бөлүмүнө төмөнкү байланыштар аркылуу кайрыла аларын белгилейбиз: Улуттук банк, Бишкек шаары, Киев
көчөсү, 189, тел.: +996 (555) 85-57-48; +996 (770) 73-73-49.
Абдимухтар Абилов