Карганбектин элге бергенинен бере элеги алдыда…
Мындай пикирин медицина илимдеринин доктору, профессор, КУИАнын Академиги, Кыргыз Республикасынын Баатыры, “Ак Шумкар” өзгөчө белгисинин ээси Миталип Мамытов Карганбек Самаковдун калемине таандык “Мен жөнүндө” аталышындагы китебине жазган баш сөзүндө билдирген.
Бул жыйнакта элибиздин кашкөй инсаны Карганбек Самаковдун тагдырына арналган турмуштун ар кандай кырдаалдарында авторго карата жазылган замандаштарынын ой-пикири, каалоо-тилектери топтоштурулуп, жарыяланган. Элибиздин өңчөй залкарлары Сооронбай Жусуев, Миталип Мамытов, Самарбүбү Токтакунова, Кайыргүл Сартбаева, Гүлсайра Момунова, Дарика Жалгасынова, Муратбек Бегалиев, Бектур Исаков, Анатай Өмүрканов ж.б. (манасчылар менен башка атактуулардын баарын тизмектесем тизме кыйла узарып кетчүдөн) баштаган бир катар легендарлуу инсандардын Карганбек Самаковдун инсандык бейнесине тарткан таасын сүртүмдөрү топтоштурулуп, жарык көргөндүгү өзгөчө сөз кылууга арзыйт.

Автор, мындай урунттуу эмгегин өзүнүн укум-тукумунан куралган урпактарына таберик катары калтырууну көздөгөнү менен басылма окуган окурмандардын кеңири катмарын да кайдыгер калтырбай тургандыгы алгач барактаганда эле билинет. Өзөгүн улуттук идеология, кыргыз элинин тарыхый эс-тутумун, маданий мурасын сактоо жана жайылтуу, элибиздин салттуу маданиятын эл аралык деңгээлде таанытууга өбөлгө түзгөн окуялар бул китепте, Карганбек Самаковго байланышкан кызыктуу тарыхый ирмемдер, башына түшкөн оош-кыйыш жагдайда дагы кыйынчылыктардан озо алган үлгүлүү жүрүш-турушу таасын чагылдырылган. Кайпактатпай, кептин түз маанисинде айтканда, Карганбек Самаковдун калеми астында жарык көргөн “Мен жөнүндө” китеби жашообузга санат, жан-дүйнөбүзгө азык тартуулай турган басылма экенин автордун ашынган “атаандаштары” деле тана алышпаса керек.
Кыргыздын сыймыктуу уулунун инсандык бейнеси, өңчөй атактуулар тарабынан өзгөчө деталь-штрихтер менен чеберчиликте ачылган бул жыйнак менен жаштарыбыз таанышышса, андагы маалыматтар ири алды алардын жан-дүйнөсүнөн орун алып, алтургай автор Карганбек Самаковдун өрнөктүү өмүр жолун өздөрүнө эш тутарын бөркүңөрдөй көрсөңөр болот. Китеп окурманы катары мен ушул жагын баса белгилеп кете алам. Эмесе, “оор салмактагы” кыргыз үчүн тарых жараткан мындай инсандын “Мен жөнүндө” аталышындагы сыясы кургай элек бул эмгегинин окурманы болууга ар бириңерди чакырам.
Калыгул Бейшекеев