Карыздын айынан эки адам уруша кетип, бири экинчисине ок атты

14-март, 2022-ж. / Редакция / Аймак 48

Кара-Суу шаарында ок чыгарган жаран кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, эки жаран уруша кетип, бири травматикалык тапанча менен  эки жолу ок аткан. Андан бир адам башынан жана бутунан жаракат алган. Бул тууралуу видео интернет булактарына да тарады. Эки адамдын ортосундагы жаңжалга карыз себеп болгону айтылууда.

Шектүү жаран кармалып, тергөө иштери жүрүүдө. Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 37-беренесинин («Оор кылмышка аракеттенүү») негизинде кылмыш иши козголгон.

14-март, 2022-ж. / Редакция / Аймак 48
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X