Кашка-Баш айылында 750 орундуу жаңы мектеп пайдаланууга берилди
Кашка-Баш айылында 750 окуучуга ылайыкталган жаңы мектеп пайдаланууга берилди. Бул — айылда акыркы 30 жыл ичинде курулган алгачкы жаңы билим берүү мекемеси.
Мектептин ачылышы 6-октябрда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиевдин онлайн катышуусунда өттү.
Жаңы мектеп Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде курулган. Анын курулушу 2026-жылдын февраль айында башталып, долбоорду Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги ишке ашырды.
Жалпы аянты 8 миң чарчы метрден ашкан мектеп заманбап талаптарга жооп берет. Имаратта жаңы инженердик системалар каралып, энергияны үнөмдөө максатында күн панелдери орнотулган.
Окуучулар үчүн окуу класстары жаңы эмеректер, эргономикалык парталар жана отургучтар, заманбап окуу жабдуулары менен жабдылды.
Мектептин спорттук инфраструктурасына да өзгөчө көңүл бурулган. Анын аймагында эки футбол талаасы, волейбол жана баскетбол ойноого ылайыкталган көп багыттуу аянтчалар, алты тилкелүү чуркоо жолу жана жашыл эс алуу зоналары бар.
Жаңы мектептин ачылышы Кашка-Баш айылындагы балдар үчүн коопсуз, заманбап жана ыңгайлуу билим алуу шарттарын түзүүгө жол ачты.