Кашка-Суу айылында 100 орундуу мектеп ачылды

15-сентябрь, 2021-ж. / Жазгүл Кенжетаева / Коом 28


Бүгүн, 15-сентябрда, Аламүдүн районунун Кашка-Суу айылында 100 орундуу мектеп пайдаланууга берилди.
Салтанаттуу иш-чарага Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов, Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эркин Тентишев, Билим берүү жана илим министрлигинин жана жергиликтүү бийликтин , райондун өкүлдөрү катышты.
Аталган мектептин курулушуна коррупция менен күрөшүү боюнча атайы счеттун эсебинен 49 млн 350 миң сом бөлүнгөн. Жалпы аянты 1 миң 974 кв. метр.

15-сентябрь, 2021-ж. / Жазгүл Кенжетаева / Коом 28
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X