Касымалиев: «Аял – үй-бүлөнүн бакубаттуулугу жана улуттун негизи»

6-март, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 26

Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Президенттин Администрациясынын аялдар жамааты менен жолугушуп, аларды келе жаткан Эл аралык аялдар күнү менен куттуктады.

«Бүгүнкү күн – бул жөн гана календардагы дата эмес, бул терең таазим кылуу күнү. Эне, эже, кыз – алардын ар бири эң жылуу мамилеге жана ыраазычылыкка татыктуу. Элибизде ар дайым: эркек – үй тиреги жана эл коргоочусу, ал эми аял – үй-бүлөнүн бакубаттуулугу жана улуттун негизи деп айтылып келген», – деди Төрага.

Адылбек Касымалиев Улуттук статистика комитетинин маалыматтарын келтирип, ага ылайык Кыргызстандын экономикасында аялдардын ролу барган сайын салмактуу болуп баратат:

— Өлкөдөгү чакан жана орто бизнестин 20%га жакынын аялдар башкарат.

— Аялдар билим берүү, санариптик кызмат көрсөтүү, өндүрүш жана соода тармактарында лидер болуп саналат.

МинКаб башчысы мамлекеттин гендердик тең салмактуулукту чыңдоо боюнча стратегиялык кадамдарын эске салды. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 20-февралындагы мамлекеттик башкаруу системасында жаңы стандарттарды бекиткен жарлыгы эң маанилүү этап болуп калды.

«Биз декларациялардан конкреттүү иш-аракеттерге өттүк. Президенттин жаңы указына ылайык, 2027-жылга чейин жетекчилик кызматтардын кадрдык резервиндеги аялдардын үлүшү 30% кем эмес болушу керек, ал эми 2030-жылга чейин биз бардык мамлекеттик жана муниципалдык органдарда аялдардын жетекчилик кызматтарда толук кандуу 30 пайыздык өкүлчүлүгүн камсыздайбыз», — деп билдирди Адылбек Касымалиев.

Жолугушуунун соңунда МинКаб Төрагасы айым кызматкерлерге ыраазычылык билдирип, Кыргызстандын бардык аялдарына ден соолук, бакыт жана үй-бүлөлүк бакубатчылык каалады.

6-март, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 26
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X