Касымалиев Азербайжандын Президенти менен жолугушту

2-апрель, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 15

Бүгүн, 2-апрелде, Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттик Администрациянын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Азербайжан Республикасынын Президенти Илхам Алиев менен жолугушту.

Жолугушуу Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчылары жана вице-президенттеринин экинчи жыйынынын алкагында өттү.

Анда Адылбек Касымалиев жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, иш-чаралар жогорку деңгээлде уюштурулганын белгиледи. Ошондой эле Кыргызстан Азербайжан менен бир туугандык жана өз ара урматтоого негизделген мамилелерди жогору бааларын айтты.

«Бүгүнкү жолугушуу өлкөлөрүбүздүн Түрк мамлекеттер уюмунун алкагында практикалык кызматташтыкты тереңдетүүгө болгон умтулуусун тастыктайт», — деди МинКаб башчысы.

Ал соода, транспорт жана логистика тармактарындагы биргелешкен долбоорлор эки өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө өбөлгө түзөрүнө ишенимдүү экенин билдирди.

2-апрель, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 15
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X