Касымалиев ЕАЭБдин тар курамдагы жыйынына катышты
Казакстанда Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчылары катышкан тар курамдагы жыйын өттү.
Жыйынга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев катышты. Отурумда экономикалык интеграцияны тереңдетүү жана ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери каралды.
Жыйынга ошондой эле Беларусиянын премьер-министри Александр Турчин, Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов, Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин, Армениянын вице-премьер-министри Мгер Григорян жана Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Бакытжан Сагинтаев катышты.
Маалыматка ылайык, ЕАЭБдин кеңейтилген курамдагы жыйыны 27-мартта улантылып, анда ондон ашуун маселе каралат.