Касымалиев: Өлкөнүн ийгиликтеринде мамлекеттик кызматкерлердин салымы чоң
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кесиптик майрамдарга байланыштуу Министрлер Кабинетинин Ардак грамоталарын жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын атынан алкыштарды тапшырды.

Анда МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин күнүнө байланыштуу бир катар кызматкерлерге Министрлер Кабинетинин Ардак грамоталарын жана өзүнүн атынан алкыштарды тапшырды.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдарды алдын алууга жана кесепеттерин жоюуга багытталган иш-чараларды аткарууга кошкон чоң салымы, кызматтык милдеттерин аткаруудагы жетишкендиктери үчүн, Кыргыз Республикасынын Куткаруу кызматынын кызматкерлеринин күнүнө байланыштуу бул тармактын кызматкерлерине Министрлер Кабинетинин сыйлыктары тапшырылды.

Мындан тышкары сыйлыктар, Кыргыз Республикасынын жарандык авиация чөйрөсүн өнүктүрүүгө, Кыргыз Республикасын Европа бирлигинин авиациялык коопсуздук тизмесинен чыгаруу боюнча маселени чечүүгө кошкон салымы жана авиациялык коопсуздуктун эл аралык стандарттарын ийгиликтүү ишке ашыргандыгы үчүн тиешелүү мамлекеттик органдардын кызматкерлерине ыйгарылды.
Анда МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун жетекчилиги алдында акыркы жылдары коомдо саясий стабилдүүлүк өкүм сүрүп, экономикада, социалдык чөйрөдө жана маданиятта олуттуу прогрессивдүү өзгөрүүлөр болуп жатканын, бул ийгиликтердин аркасында сыйлык ээлеринин эмгектери бар экенин белгиледи.