Касымалиев Ош шаарынын мэриясынын борбордук аппаратына жаңы мэрди тааныштырды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Ош шаарынын мэриясынын борбордук аппаратына жаңы мэр Жанар Акаевди тааныштырды.
Адылбек Касымалиев мэриянын шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылууда, муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууда, жарандардын жашоосу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүдөгү негизги ролун белгиледи.
Төрага Ош шаарынын мэри Жанар Акаевге жооптуу кызматта ийгиликтерди каалады.