Касымалы Баялинов атындагы республикалык балдар жана жаштар китепканасынын Балалык бөлүмүнүн башчысы Рита АЛИЕВА: “БАЛА КӨЗҮ МЕНЕН КӨРҮП, КӨБҮРӨӨК ТАРБИЯ АЛАТ”

Касымалы Баялинов атындагы республикалык балдар жана жаштар китепканасы өлкөдөгү ири маданий-билим берүү борбору болуп эсептелет. Мында 500 000ден ашык китеп, анын ичинде көркөм адабияттар жана мезгилдүү басылмалар бар. Окурмандар менен иш алып барган маданий, инновациялык борборлор иштейт. Китепкана жаштар үчүн билим алуу, өнүгүү жана чыгармачылык менен алектенүү үчүн заманбап шарттар менен камсыздалган. Бул багытта китепкананын Балалык бөлүмүнүн жетекчиси Рита Алиева китепканадагы балдар бөлүмү, балдар дүйнөсү, жаш жеткинчектердин китепке кызыгуусу тууралуу ой бөлүштү.

— Рита эже, сиз жетектеген китепкананын балалык бөлүмүндөгү балдар менен иштөө ыргагы кандай өтөт?

— Китепканадагы биздин бөлүм 10 жашка чейинки окурмандарды тейлейт. Ар бир күнүбүз жаш окурмандар, мугалимдер, ата-энелер менен чогуу өтөт. Мен 24 жылдан бери балдар бөлүмүндө эмгектенип келем. Мында балдардын жаш курагына жараша адабияттар, оюн-зоок ойной турган аянт, театр номерлери үчүн атайын сахна да орун алган. Анын негизинде 1 жылдык план түзүлүп, ар түрдүү иш-чаралар уюштурулуп турат. Бизде балдарды эрте куракта өнүктүрүү борбору да бар. Борбор менен чогуу жумасына 3 жолу ар түрдүү тематикадагы агартуучулук сабактары өткөрүлөт. Мисалы, балдардын акыл эс тутумун жакшырткан нейро-оюндары, боёктор менен иштөө, сүрөт тартуу аңгеме, жомок окуу, аларды талкуулоо сыяктуу кыймылдуу оюндарыбыз бар. Кыскасы, балдардын колун бош койбойбуз. Эң башкы максатыбыз ар түрдүү ыкмалар менен балдарды китеп окууга шык берүү, китепке тартуу аракети болуп саналат.

— Ал эми балалык бөлүмүнө балдарды алып келүү үчүн кандай эрежелер бар?

— Адегенде эле, китепканадан окурмандык билет алуу керек. Билет баасы бир жылга 25 сомго берилет. Бир жолу кирүүчү билет болсо 5 сомду түзөт. Окурмандык билет менен китептерди 10 күнгө үйгө да беребиз. Китепкананын эшиги 9.00дөн, 18.00гө чейин ачык болот.

— Балдар китепканага көп эле келишеби?

— Биз негизинен Бишкектеги мамлекеттик, жеке менчик мектеп, бала бакчалар менен тыгыз иштешебиз. Мугалим, тарбиячылар балдарды китепканага алып келишет. Китеп окушат. Китепканага келгендердин саны арбын. Кээде тейлөөгө үлгүрбөй калабыз. Балалык бөлүмүндө 4 киши эмгектенебиз. Балдар бөлүмүндө “Ата эне”, “Апамдын сандыгы” деген рубрикаларыбыздын алкагында балдар менен ар түрдүү иш-чараларды өткөрөбүз. Китепканада Кыргыз бөлмөсү да бар. Мында улуттук баалуулуктарга басым жасалат. Жаштарга сандык, бешик, чүкө өңдүү кыргыздын буюмдарын колдонуу жана маанисин кенен түшүндүрөбүз.

— Китеп текчелерде тизилген балдар адабияттары тууралуу да айтып берсеңиз?

— Китеп фондубуз балдарга негизделген. Ар түрдүү жанрдагы китептер менен толукталып турат. Китеп фондубуз балдар үчүн ар дайым ачык. Балдар өз колдору менен каалаган китептерин текчеден алып, баракташат. Жаш балдар үчүн китепте тексттин аздыгы, сүрөттөрү көп болгону жагат. Китептер кыргыз, орус, англис тилинде толукталган. Акын жазуучулар менен балдардын жолугушуулары, балдар адабиятынын презентациялары өткөрүлөт. Ал эми балдар акын-жазуучулар менен кезиккенде абдан таасирленишет. Авторлор менен жаш окурмандар ортосунда суроо жооптор болот. Жандуу жолугушуулар ар дайым уюштурулуп турат.

— Балдарды көбүрөөк китеп окууга кантип тартабыз?

— Китеп окуу тарбиялык баалуулук дейт элем. Бул нерсени балага калыптандыруу, сиңирүү үй-бүлөдөн башталат. Бул жерде ата-эненин жоопкерчилиги көбүрөөк. Китеп окуган бала алдыда болот. Китеп жан дүйнөнү да, баланы да тарбиялайт. Китеп баланын жеке мүнөзүнө оң таасирин тийгизет. Ата-эне, мугалим биригип аракеттенип баланын көз карашын эске алганда коомго мыкты балдарды кошо алабыз. Балдар эртеңки келечек деп бекер айтылбаган. Бала көзү менен көрүп көбүрөөк тарбия алат. Алгач, жакшы нерсени чоңдор көбүрөөк жасашы керек.

Мээрим Бактыбек кызы

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X