Катуу ысыкта бул эрежелерди сөзсүз сактаңыз
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аномалдуу ысык аба ырайына байланыштуу жарандарды коопсуздук эрежелерин так сактоого чакырды.
Адистер суусабасаңыз да бат-баттан суу ичүүнү, мүмкүн болушунча салкын жайларда болууну жана күндүн эң ысык маалында сыртта көп жүрбөөнү сунуштайт. Ошондой эле ачык түстөгү жеңил кийим жана баш кийим кийип, күндөн коргоочу крем колдонуу зарыл.
Оор жумуштарды жана спорттук машыгууларды эртең менен же кечинде жасоо, салкын душка түшүү же денени нымдуу сүлгү менен муздатуу сунушталат. Мөмө-жемиштерди жана жашылчаларды көбүрөөк колдонуу да пайдалуу.
ӨКМ балдарды, улгайган адамдарды жана үй жаныбарларын жабык унаада калтырбоого өзгөчө көңүл бурууну эскертет.
Эгер адам ысыктан жабыркаса, аны дароо салкын жерге чыгарып, кысып турган кийимин бошотуп, денесин муздатуу керек. Эс-учун жоготкон же жута албай жаткан адамга суу берүүгө болбойт.
Өзгөчө кырдаал жаралса, 112 кыска номери аркылуу жардам чакыруу зарыл.