Казак улуттук университетинин филиалы Бишкекте ачылат

3-апрель, 2021-ж. / Редакция / Билим 24

Кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин IX жыйынында, казак тарап Бишкек шаарында «Аль-Фараби» атындагы Казак улуттук университетинин филиалын ачууга даярдыгын билдирди.
Мындан сырткары, Казакстандын жогорку окуу жайларына тапшырууну каалаган кыргыз абитуриенттери үчүн квоталарды 50 орунга чейин жогорулатуу чечими кабыл алынды.
Ошондой эле, кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын жүрүшүндө, мамлекеттердин биргелешип өнүгүү макулдашуусунун алкагында «Нарын» эркин экономикалык аймагы менен «Хоргос» Эл аралык чектеш кызматташтык борборунун кызматташуусу жөнүндө Меморандумга кол коюлуп, I Аймактар аралык форумун өткөрүү чечими кабыл алынды.

3-апрель, 2021-ж. / Редакция / Билим 24
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X