Казакстан Кыргызстанга гумжардам жөнөтөт
Казакстандын президентинин маалымат катчысы Берик Уалинин Фейсбук баракчасына жазган билдирүүсүнө ылайык, Казакстан кыргызстандыктарга гуманитардык жардам катары 10 миң тонна ун жиберет. Маалымат катчы учурда казак өкмөтү Токаевдин тапшырмасын аткарууга киришкендигин белгилеп, союздаш жана стратегиялык өнөктөш болгон кошуна өлкөгө, казак элинин атынан жардам көрсөтүлөрүн маалымдаган.