Казакстанда кыргыз кино күндөрү өтөт
Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги Астана шаарында 29-30-январда кыргыз кино күндөрүн өткөрөт.
Эки элдин ортосундагы маданий- гуманитардык байланыштарды бекемдөөгө багытталган иш-чаранын ачылыш аземи 29-январда саат 18:00де башталат. Программа Актан Арым Кубаттын «Кара, кызыл, сары» аттуу көркөм тасмасы менен башталат. Бул тасма Кыргызстан тарабынан «Оскар» сыйлыгына көрсөтүлгөн.
30-январда саат 18:00дө көрүүчүлөргө Дастан Жапар уулунун «Качкын» аттуу курч сюжеттүү драмасы тартууланат.
Фильмдер кыргыз тилинде орус субтитрлери менен көрсөтүлөт. Кирүү акысыз.