Кечиккен адилеттүүлүк

13-август, 2021-ж. / Редакция / Жаңылыктар 44

Белгилүү болгондой, “Кумтөр” Тенгиз Бөлтүрүк башында турган сырткы башкарууга өткөндөн кийин деле андагы алтын ылгоочу фабрика, тоо-кен өндүрүшү, техникалык тейлөө сыяктуу бөлүмдөрдүн бардыгы штаттык режимде иштеп жатат. Компания чыгарган маалыматка таянсак, кенде күнүнө 585 миң тонна тоо тектери казылып алынууда, анын ичинде 18 миң тоннага чукул алтын кошулмасы камтылган руда бар. Бир күндө фабрикада 35-40 килограмм (1200 унций) таза алтын ылганып чыгууда. Муну 1880 доллардан сатканда 70 миң доллардын тегерегинде болот. 2021-жылдын жыйынтыгында алтын өндүрүшүнүн көлөмү болжол менен 470-510 миң унцияны же 14,62-15,86 тонна алтынды түзөт деп болжолдонууда.

Эске салсак, КР Президенти Садыр Жапаров 2012-жылы Жогорку Кеңештин депутаты болуп турганда “Кумтөр” маселесин көтөрүп чыккан. Бирок, ошол убакта парламенттин депутаттары тарабынан толук колдоо таппай калган. Учурда адилеттүүлүк орноп, “Кумтөр” кыргыз элинин кызыкчылыгы үчүн иштөөдө. Азыр ушул чуулгандуу иш боюнча эки депутат: Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров, эки экс-депутат: Исхак Пирматов, Талант Узакбаев жана эки экс-премьер-министр: Өмүрбек Бабанов (ал оорусуна байланыштуу чет өлкөдөн дарыланганы чыгып кетти), Темир Сариев  камакка алынды. Бардыгына Жазык кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүмү, тагыраагы “Коррупция” менен айып тагылды.

Ошентип, 2021-жылыСадыр ЖапаровКыргыз Республикасынын Президенти болгондон кийин тогуз жыл мурда ал өзү депутаттык комиссиянын төрагасы катары берген сунуштары толук ишке кирди десек болот.

Мурда бийликке карата кескин сын айтып келген белгилүү саясатчы Өмүрбек Текебаев “Кумтөр” маселесине келгенде өзүнүн атуулдук адилет пикирин билгизди. “Эл аралык сотто “Кумтөр” боюнча келишим башынан эле коррупциялашкандыгын, мурдагы президенттер, Өкмөт башчылар кол алдындагыларга тапшырма берип, зордоп жасатканын далилдей алсак, дүйнөлүк коомчулук коррупцияга терс пикирин билдирет. Бүгүнкү массалык камоолорду өч алуу, пиар катары карабастан, биз далилдик базабызды бекемдөө катары карашыбыз керек”, — дейт Өмүрбек Текебаев.

Жакында эле өлкөбүзгө Аскар Акаев келип кетти. Ал УКМКга “Кумтөр” боюнча өз көрсөтмөсүн берди. Анда экологиялык зор зыяндар болгонун айтып, “Кумтөр” боюнча өзү иштеп турган учурда кетирген кемчиликтери үчүн кыргыз элинен кечирим сурады. Эксперттер бул айтылгандар эл аралык сотто Кыргыз Республикасынын пайдасына сөзсүз таасирин берет деген пикирин айтышууда.

Атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев айткандай, соңку кылмыш ишинде мурдагы президенттердин жоопкерчилиги каралса, анда 2011-жылдан 2017-жылга чейин президент болгон Алмазбек Атамбаевдин да атын атоого туура келет.

Ошол эле убакта айрым адамдар коомчулукта “Кумтөргө” байланыштуу бардык кылмыш иштери иликтениши керек болсо, анда 2003, 2007, 2009-жылкы келишимдер жана макулдашуулар да каралышы зарылдыгын белгилешет. Маселен, экс-вице-премьер-министр Базарбай Мамбетов: “Канаданын “Камеко” компаниясы менен алгачкы келишим 1992-жылы түзүлгөн. Соңку келишим 1994-жылы түзүлүп, “Камекого” Кумтөрдүн баары берилген. Ошол жерден Кыргыз Республикасынын үлүшү 67%, Канаданын үлүшү 33% деп айтылган. Бирок,  ал келишимде жазылган эмес, жөн гана элди алаксытуу үчүн гана айтып коюшкан. Андай эч бир документте жок. Ортодо “Камеко” өзүнүн үлүшүн сатып, “Центерра Голдго” берип коюп оюндан чыгып кеткен. Алтынды алып баштагандан кийин “Кумтөрдү” башкарууну Кыргыз Республикасына өткөрүп бериши керек болчу. Ошондо алтынды 1997-жылы казып башташса, 2007-жылы алар ишкананы башкарууну бизге бериши керек эле. Бирок, ага жеткирбей, 2003-жылдын 31-декабрында Акаевдин макулдугу менен жаңы келишимге ошол кездеги Өкмөт башчысы Николай Танаев кол коюп, реструктуризация кылып салышкан. Ошол жерде 67% деген үлүш азайып, Кыргызстандыкы 33% болуп калган. Ал эми 2009-жылдын 24-апрелинде болсо “Кумтөр” долбоору боюнча дагы жаңы келишимди кабыл алышып, “Кыргызстанга 17%, Канадага 83%”  дегенди макулдашкан. Мына ошого кол койдурганга Канаданын компаниясы биздин аткаминерлерге канча миллион доллар акча төлөгөн? Мына ушуларды да иликтеш керек”, — дейт.

Белгилүү болгондой, «Кумтөр Голд Компани» Кыргыз Республикасына  4 миллиард 252 миллион 800 миң доллар төлөөгө милдеттүү экендиги боюнча доо коюлган. Мунун 3 миллиард 86 миллиону келтирилген экологиялык зыян боюнча айыппул, 1 миллиард 166 миллиону төлөнбөй калган салык экени белгиленген. Адистер эл аралык сот деле өзгөчө оор экологиялык кылмышты аттап өтө албайт дешет. Анткени, эл аралык сотко дүйнөлүк кадыр барк керек. Ошондуктан, элибиз “Кумтөр” боюнча соттогу жеңиш Кыргыз Республикасынын пайдасына чечилет деген ишенимде турат.

Азизбек ЧАМАШЕВ

13-август, 2021-ж. / Редакция / Жаңылыктар 44
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X