Кегети капчыгайында дарыяга агып кеткен 6 жаштагы баланын сөөгү табылды

26-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 244

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, Кегети капчыгайындагы дарыяга агып кеткен 6 жаштагы баланын сөөгү табылды.

Эске салсак, кырсык жеңил унаанын тормозу иштен чыгып, унаа жардан кулап кеткенден кийин болгон. Анын кесепетинен унаадагы 12 жаштагы кыз менен 6 жаштагы бала сууга агып кеткен.

Кырсыктан үч күн өткөндөн кийин 12 жаштагы кыздын сөөгү табылган. Ал эми 6 жаштагы баланы издөө иштери бир нече күн бою улантылып, бүгүн ага куткаруучулар менен катар аскер кызматкерлери да тартылган.

Издөө-куткаруу иштеринин жыйынтыгында дайынсыз болуп жаткан 6 жаштагы баланын сөөгү табылды.

26-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 244
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X