Кегетидеги кырсык: 6 жаштагы баланы издөө үчүн ыктыярчыларга чакырык жасалды

26-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 132

Чүй облусунун Кегети капчыгайында болгон жол кырсыгынан кийин 2020-жылы туулган 6 жаштагы баланы издөө иштери дагы деле уланууда.

Маалыматга ылайык, унаанын тормозу иштебей калып, автоунаа жардан сууга кулап кеткен. Кырсыктын кесепетинен ата-энеси аман калган. Бирок суунун катуу агымы алардын эки баласын агызып кеткен.

Издөө иштеринин жүрүшүндө 12 жаштагы кыздын жансыз денеси табылып, жакындарына өткөрүлүп берилген. Ал эми 6 жаштагы бала азыркыга чейин табыла элек.

Учурда кырсык болгон жерде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары, токой чарба кызматкерлери, жүздөгөн ыктыярчылар менен катар Коргоо министрлигинин 52806 аскер бөлүгүнүн өздүк курамы да издөө-куткаруу иштерине тартылды. Маалыматка ылайык, аталган аскер бөлүктүн 40тан ашык аскер кызматчысы тиешелүү мамлекеттик кызматтардын өкүлдөрү менен биргеликте Кегети дарыясынын жээктеринде жана агым өткөн аймактарда издөө иштерин жүргүзүп жатышат.

Ыктыярчылардын маалыматына караганда, жума намазынан кийин издөө иштери массалык түрдө улантылат. План боюнча капчыгайдын башынан аягына чейин дарыянын жээгинде ар бир 100 метр сайын ыктыярчылар жайгаштырылып, суунун агымы менен жээктер бир убакта текшерилет.

Издөө иштерине кайдыгер карабаган жарандар, ыктыярчылар жана жеке унаасы бар адамдар кошулууга чакырылууда. Ошондой эле уюштуруучулар катышуучуларды коопсуздук эрежелерин так сактоого үндөп, тоо суусунун агымы өтө күчтүү жана муздак экенин эскертишти.

Жооптуу кызматтар, аскер кызматкерлери жана ыктыярчылар дайынсыз жоголгон 6 жаштагы баланы табуу үчүн издөө иштерин үзгүлтүксүз улантып жатышат.

26-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 132
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X