Эл менен болсоң бийиксиң
Панфилов районундагы Фрунзе айыл аймагы СарыӨзөн Чүйдүн аягы. Алыскы аймактардын катарында. Ал эми эл-журтка жасаган жагымдуу иштери боюнча алдыда баратат. Чындыкты айтсак айыл аймагында аткарылганынан да аткарыла элек иштер арбын. Бир жакшы жери эл эртеңкисине ишенип, айыл турмушунда алгылыктуу жаңылыктар жаралууда. Сөз кезеги келгенде калыстык үчүн кечээги менен бүгүнкү учурду салыштырып кетели. Мурда айылда жашаган элдин үнүн угуу унутта калган. Арыз-муңдары менен кайрылгысы келген жөнөкөй элдин тийиштүү жетекчилерге жетмеги кыйынга туруучу. “Жол азабы – көр азабы” демекчи, саргайгандар сагалашып чертпеген эшиктери калчу эмес. Тийиштүү мекеме, ишканалардын жетекчилерине жетмеги өң тургай түшкө кирбей калган. Нечен жылдык көйгөйлөр сүрсүп, эл үмүттөрүнөн түңүлө баштаган кезде – Журт башчылыкка Садыр Нургожоевич Жапаров келди. Эл менен жакындык мына ушул Президент Садыр Нургожоевичтин кеменгерлиги менен бекемделди. Менмен деген мамлекеттик ишмерлер, министрлер, прокурорлор, губернатор, акимдер ачык айтканда атка минерлер эл менен байма-бай жолугушууларды, бетме-бет жыйындарды уюштура башташы—өчкөн үмүттөрдү тутанта баштады. Ой жеткен менен кол жеткис маселелер жеринде чечилип, не деген кереметтерге күбө болдук?! 30 жылдан бери каралбай калган карайлаган элдин тилектери четинен орундала баштады. Анткени, жооптуу жогорку кызматтардын ээлери кечээгидей элден четтебей элге жакындап, эриш-аркак пикир алышып, мыйзамдуу жол менен арыз, армандар жукарууда. Эл жана эл менен болуу жыйындары жыйынтыктарды беш эселеп берүүдө.
Эл талаптары талаага кетпеди
Сөзүбүз кургак болбосун, Фрунзе айыл аймагында өткөн элдик жыйындан мисал келтирели. Агылган эл орто мектептин жыйындар залынан орун алып жатышты. Жыйын ачылып, алгачкы сөздү Панфилов райондук мамлекеттик администрациянын башчысыаким Маил Алияскарович алды. Былтыркы жыйында аталган айыл аймагына тийиштүү 14 маселе айтылган. Айтылган көйгөйлөр көз жаздымда калбаган. Албетте, баарын дароо чечүүгө мүмкүнчүлүк болбогону менен 6 маселеси чечилген. Бул албетте алгылыктуу көрсөткүч. Балким, баягыдай эл үнү жетекчилерге жетпей, эл менен болгон байланыш үзүлгөн бойдон кала бергенде 6 маселени койчу, бири да чечилмек эмес.
Фрунзе айыл аймагынын өкмөт башчылыгын Эрназар Нурмухамедов жетектейт. Жаш жетекчи иштей баштаган 1 жарымга чукул мезгилде айтарлык жылыштар байкалды. Юристтик тун кесибинин үзүрүн көрүүдө. Келгендеги биринчи максаты айыл аймагын дотациядан чыгаруу болуучу. Максатына жетти. Айыл аймагынын экономикасын көтөрүүдө жергиликтүү бюджеттин ролу жогору эмеспи.
Бул аймакта сугат суу кандай тартыш болсо, ичүүчү таза суу да ошондой эле татаал. Бекеринен акылга дыйкан ата-бабаларыбыз: “Айыл башы болгончо-суу башы бол” деп айтпаган. Панфилов району учу кыйыры кең СарыӨзөн Чүйдүн этегинен орун алган. Ошондон улам суу тартыштыгы такай кулач жайып, жер иштетип, эл баккандардын түйшүгү түмөн. Айла канча суу тартыштыгын чечүү оорго турууда. Кандай гана жыйындар болбосун суу маселеси биринчи оозго алынат. Аракеттен береке чыгары белгилүү. Айтылган көйгөйлөрдүн сап башы Чолок-Арык айылында ичүүчү таза суу маселеси чечилди. Ал эми сугат маселесине келсек, жакында Талды-Булакта суу сактагыч курулмакчы. Даярдыктар жүрүп жатат.
Нечен жыл мурда курулган билим берүүчү мектептердин абалы тынчсыздандырып келген. Жаңы мектептерге болгон муктаждык эл менен болгон жыйындын түшпөс темасы. Мурдагы жыйында бутага тийген кемчиликтер кемий баштады. Билимге суусаган коомчулуктун, эл-журттун жумурундагы жумуштардын сааттары чыгууда. Чалдыбар айылындагы №3 орто мектептин жылытуу системасы оңдолгон. Быйылкыдай кыш болбос, эгерде дагы кийинкиге калганда кыйналышмак экен. Алдын ала билгендей балдарга болгон камкордук натыйжасын берди. Ошондой эле бул мектептин спорттук залын жаңыртышты. Ал эми №2 орто мектептин полдору алмаштырылды. Былтыркы элдик жыйында баса белгиленгендерден айтсак: Чорголу айылында 150 орундуу жаңы мектеп салынат.
Айыл аймактын оорун колдон, жеңилин жерден алууда күчтүү техника абдан керек. Элдин техникага болгон суроо, талаптары жогору эле. Облустук өнүктүрүү фондунун колдоосу менен заманбап экскаваторлуу болушту. Айрыкча ирригациялык иштерди илгерилетүүдө, арык, каналдарды тазалоодо күч берди. 114 чакырым ички каналдар тазаланды.
Чалдыбар айылына түнкү жарыкты киргизүү боюнча ар жыйын, жолугушууларда айтылып келген. Былтыр бул маселе да чечилди. Жарыктандыруу боюнча 1 млн 300 миң сомдук долбоор да облустук өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен ишке ашты. Түнкү шам чырактарга болгон муктаждыктарды толук чечүү мындан ары да колго алынмакчы.
Дүйнөгө атагы кеткен улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун ысымын алып жүргөн паркты сүйүктүү жайга айландыруу боюнча бир катар алгылыктуу иштер илгерилөөдө. Жашылдандыруу, курчоо жумуштары колго алынды. Балдар үчүн аянтча салынды. 4 гектар жерди гүлзарга айлантуу үчүн сугаруу үзгүлтүксүз өз маалында жүргүзүлүшү керек. Суусуз жашылдандыруу кайтарымын бербейт. Ачык эле сөз жыл сайын өлкөбүз боюнча жашылдандыруу жана көрктөндүрүү ишембиликтери уюшкандыкта жүрөт. Миңдеген көчөттөр олтургузулганы айтылат. Тилекке каршы, аларды сугаруу, күтүү талаптагыдай жүргүзүлбөгөндүктөн жетилбей куурап калууда. Андыктан мына ушул көйгөйдү чечүү боюнча сугат суу боюнча долбоорду ишке ашыруу максатын коюшкан. Облустук өнүктүрүү фондунан колдоо көрсөтүлүүдө.
Инвестицияларды тартуу жагынан алдыда баратышат
Облус тарыхындагы зор жаңылык Фрунзе айыл аймагына пахта айдоо саамалыгы башталган. 500 гектар жерди бөлүп беришкен. Алгачкы аракеттери текке кетпеди, жакшы түшүм алышты. Пахтаны кайра иштетүүдөн чоң пайда түшөт. Ата мекендик өндүрүштүн тушоосун өзүбүздөн суурулуп чыккан инвесторлор кессе, албетте, экономикалык жактан өнүгүү болот. Бул фрунзелик пахтачылардын аракетин “Текстиль-Транс” инвестициялап жатат. Буйруса, пахтаны кайра иштетүүчү завод курулат. Жүздөгөн жаңы жумуш орундары пайда болот.
Фрунзеликтердин инвестиция тартуудагы жетишкендиктери алкоого арзыйт. Айталык, кийинки кезде электр энергиясына болгон муктаждык курч бойдон калууда. Мына ушул кыйынчылыктардан чыгуу максатында бул аймакта электр энергияларын иштеп чыгуучу ишканаларды куруу оң жолго коюулууда. Бул багытта фрунзеликтер ТЭЦ курууну көздөшүүдө. Мунун артыкчылыгы газ менен иштейт. Кубаттуулугу 500 мегават. Эгерде тилектер иш жүзүнө ашып калса, коңшу райондорго чейин электр энергиясы менен тейленет. Буга 46 гектар жер аянты трансформацияланып берилди.
Талды-Булак дарыясына 2 кичи ГЭС курулуп жатат
“НЭК-ЛТ” фирмасы бетон заводун курмакчы. Мындан лоток, кольцо баш болгон курулуш материалдары чыгарылат. Сертификатын алышты. 30 жумушчу орун түзүлөт.
Былтыркы элдик жыйында кандай таштандылар тууралуу сөз болсо бул саам да ушул маселе кайрадан көтөрүлдү. Бүйүрдү кызыткан талкууга айланды. Айлана, тегеректи сактоо өзүбүздүн колдо, тазалык маданиятына көңүл буралы. Тарбияны үйдөн, мектеп партасынан, ата-энелер өзүбүздөн баштайлы деген элдин айтканында калет жок. Чынында жеке эле бул аймак эмес, бүткүл кыргыз жеринде таштанды, тазалык көкөйгө көк таштай тийүүдө. Бул багыттагы айтарлык бурулуш, таштандыларды кайра иштетүүчү завод куруу маселесин чечип жатышат. Ал үчүн 200 гектар аянт трансформацияланууда. Жакшы жери инвесторлор теплицаларды да иштетишет. Теплицалардын үстү күн энергиясын алууга ылайыкталып курулат. 800 жумуш орун ээлерин табат.
Инвесторлор менен тил табышуу жеңил-желпи иштерден эмес. Эрназар Муратбековичтин жаштык дем менен баштаган максаттары жыйынтыгын берүүдө. Жыйында эли менен болгон баарлашуу ызы-чуусуз өткөнү эмнени билдирет?! Албетте, эл үнүнүн текке кетпегендигинин белгиси.
Сугат суу жана таза суу азабы…
Жыйында эл сугат суу менен таза суунун азабын дагы баса белгилешти. Райондук суу чарба башкармалыгынын маалыматына таянсак, жаңы суу сактагыч куруу боюнча аракеттер күчүндө. Үмүт бар. Ал эми таза сууга болгон муктаждыкты чечүү оорго турарын аким Маил Алияскарович ачык эле айтты. Анткени, 170 млн сом каржыны табуу татаал. Бирок, жолун табууга аракеттер болорун бекемдеди.
Айыл аймакта мурдагы бала бакча чек арачыларга берилип кеткен. Кайрадан кайрып алуу маселеси көтөрүлдү. Прокуратура жетекчилиги мыйзамдуулугу боюнча текшерип, жыйынтыгын беришет. Жол боюнда орун алган мектептин окуучуларынын жолдон аман-эсен өтүшү өтө кооптуу. Светофор коюу, жөө адамдар өтүүчү тилкелерди сызуу маселеси көтөрүлгөнү менен тыянак жок. Бул маселени айыл өкмөт көтөргөн. Биринчиден каржы жагын чечүү кыйын экен. КР транспорт жана коммуникациялар министрлиги жакында жолду толук кандуу оңдоого киришери белгилүү болду. Демек, жолчулар гана бул маселенин саатын чыгарары бышык.
Жыйын жыйынтыгы текке кетпейт, десек жаңылыштык эмес. Анткени, бардык мекемеишканалардын жетекчилери айтылган ар бир маселенин үстүндө иштешмекчи.
Айчүрөк МАКЕШОВА
№13 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 21-февралы