«Келечек» программасы менен баштапкы төлөмсүз ипотека алуу уланууда

20-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 101

Кыргызстанда баштапкы төлөмсүз ипотека алууга мүмкүнчүлүк берген «Келечек» кепилдик программасынын алкагында 74 аял турак жай насыясын тариздеди.

«Кепилдик фонду» ААК ишке киргизген программа 2025-жылдын май айынан бери иштеп келет. Ал өзүнүн баштапкы төлөмү же жетиштүү күрөөсү жок жарандарга банк аркылуу ипотека алууга көмөк көрсөтөт.

2026-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгында аялдарга берилген кепилдиктердин 23 пайызы ипотекалык насыяларга туура келип, алардын жалпы суммасы 97,9 млн сомду түздү.

Учурда «Келечек» программасы боюнча кепилдикти алты өнөктөш банк аркылуу тариздөөгө болот.

  • ОАО «Айыл Банк»;
  • ОАО «Элдик Банк»;
  • ОАО «МБанк»;
  • ОАО «Дос-Кредобанк»;
  • ЗАО «Коммерческий Банк КСБ»;
  • ЗАО «Демир Кыргыз Интернэшнл Банк».
20-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 101
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X