«Келечекке салым»: 3,5 миңден ашуун жетим балага мамлекеттик депозит ачылды

31-май, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 149

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги «Келечекке салым» мамлекеттик балдар депозитин ишке ашыруу боюнча иштерди улантууда. Программанын алкагында жетим балдар жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар мамлекет тарабынан каржылык колдоого ээ болуп, келечекке болгон ишенимин бекемдеп жатышат.

Программанын катышуучуларынын бири – Бишкек шаарынын тургуну А.Т. Аны Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Аида Исатбек кызы барып көрүп, үй-бүлөнүн жашоо-шарты менен таанышты.

Маалыматка ылайык, А.Т. ата-энесинен ажырагандан кийин улуу эжеси жана кичүү карындашы менен бирге жашап келет. Мамлекеттик колдоонун натыйжасында алардын үйүндө оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп, балдардын жашоосу үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөн.

Жолугушууда министрдин орун басары мамлекет ар бир баланын коопсуздугун жана татыктуу келечегин камсыз кылууга өзгөчө көңүл буруп жатканын белгиледи.

«Мамлекеттин негизги милдети – ар бир балага камкордукту, коопсуздукту жана келечекке болгон ишенимди сездирүү. “Келечекке салым” программасы жетим балдардын сапаттуу билим алышына, турак жай шарттарын жакшыртуусуна жана өз кыялдарын ишке ашыруусуна мүмкүнчүлүк түзөт. Бул багыттагы иштер мындан ары да улантылат», – деди Аида Исатбек кызы.

Башынан өткөргөн кыйынчылыктарга карабастан, А.Т. келечекке болгон ишенимин жоготкон эмес. Учурда ал убактылуу жумуштарда эмгектенип, туруктуу иш табууга аракеттенүүдө. Анын эң чоң максаты – материалдык жактан камсыз болгон жаран болуп, өзү сыяктуу турмуштук оор кырдаалга туш болгон балдарга жардам берүү.

Белгилей кетсек, «Келечекке салым» мамлекеттик балдар депозитин киргизүү жөнүндө №101 Жарлыкка Кыргыз Республикасынын Президенти 2024-жылдын 17-апрелинде кол койгон. Ал эми Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 1-августундагы №453 токтому менен депозитти ишке ашыруунун тартиби бекитилген.

Аталган документтерге ылайык, жетим балдар үчүн мамлекет тарабынан атайын депозит ачылып, бала 18 жашка толгондо анын эсебине 500 миң сом өлчөмүндө каражат которулат.

2026-жылдын 1-майына карата республика боюнча 3 миң 524 балага депозит ачылган. Бүгүнкү күнгө чейин программанын 80ге жакын катышуучусу каражаттарды билим алуу, турак жай шарттарын жакшыртуу жана дарылануу сыяктуу максаттарга пайдаланышкан.

31-май, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 149
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X