Келечектеги кыргыз жаранын кантип тарбиялайбыз?

Балдар адабияты – жөн гана окуу үчүн жазылган жеңил тексттердин жыйындысы эмес. Ал – улуттун келечегин, аң-сезимин, дүйнө таанымын жана баалуулуктар системасын калыптандыруучу негизги идеологиялык инструменттердин бири. Мектеп программасына кирген балдар адабияты ушул мааниде мамлекеттин руханий саясатынын өзөгүн түзөт. Ошондуктан балдар адабияты – улуттук идеологиянын баштапкы баскычы десек жаңылышпайбыз. Идеология баланын аң-сезимине образ, окуя, эмоция аркылуу сиңет эмеспи. Мектеп программасына кирген балдар адабияты улуттук баалуулуктарды, тарыхый эс тутумду, коомдук жоопкерчиликти эрте калыптандырган эң негизги программалардын бири болуп эсептелет. Кыскарта чаап айтсак, балдар адабияты – Улуттук идеологиянын “көзгө көрүнбөгөн мектеби”. Биз ага олуттуу маани берүүгө милдеттүүбүз.

Глобалдашуу доорунда бүгүнкү биздин балдардын аң-сезими куурчак фильмдер, социалдык тармактар, чет элдик контенттер, интернеттеги оюн-зооктор аркылуу калыптанууда. Мындай шартта мектеп программасына кирген балдар адабияты улуттук тилди, салт-санааны, үрп-адатты, ой жүгүртүүнүн өзгөчөлүгүн сактоочу “калкан” болуп туруусу керек. Эгер бул катмар алсыз болсо, анда бала “маалыматтуу” болуп, бирок “ким экенин билбеген” инсанга айланып, улуттук иденттүүлүктөн сыртта калып өсүү көйгөйүнө кептелүүсү мүмкүн. Бүгүнкү заманбап балдар адабиятынын эң чоң милдети моралды таңуулоо эмес, эркин ой жүгүртүүгө үйрөтүү. Мектеп программасындагы чыгармалар агартуучулук маанидеги – жоопкерчилик, тандоо, учурда аткарып жаткан туура эмес иш-аракеттерден келип чыккан кесепеттүүлүк темаларын ачып бериши керек. Бул жерде эң маанилүү баланс улуттук баалуулук менен ой жүгүртүү эркиндигинин позитивдүү айкалышында.

Мектеп программасынын стратегиялык ролу, кайсы автордун, кандай чыгармалары мектеп окуучуларына окутуу үчүн киргизилет? Бул жөн гана адабиятты окутуу эмес, бул идеологиялык тандоо. Программа кандай каармандарды үлгү кылат? Кайсы сапаттарды баалайт? Кандай дүйнө моделин сунуштайт? Мунун баары келечектеги Кыргыз жаранын тарбиялайт. Ошондуктан мектеп программасы – бул “келечектеги коомдун идеялык долбоору”. Заманбап чакырыктарга келсек, бүгүнкү күндө бир нече көйгөйлөр бар. Биринчи формалдуулук – айрым чыгармалар окутулат, бирок түшүнүксүз бойдон калганында. Жаттатылат, бирок эч кандай маани сезилбей жатканында. Экинчи формалдуулук – заманбап балдардын жан дүйнөсүн эске албоо. Окутулуп жаткан адабияттагы эски тил, бүгүнкү заман талабынан алыс калган сюжеттер бала менен улуттук мектептин байланышынын үзүлүшүнө алып келет. Балдар адабиятынын бүгүнкү орчундуу атаандашы (конкуренти) – интернет булактарындагы YouTube, TikTok, анан да жалпы эле интернет айдыңындагы оюн-зоок индустриясы. Буларга адабият эмоционалдык жактан атаандаша албай баратат.

Аны чечүүнүн жолдору: Жаңыланган балдар адабиятын иштеп чыгуу зарыл. Анда заманбап адабий тил, актуалдуу темалар, балдарды өзүнө тарта алган психологиялык тереңдик болушу зарыл. Негизги интерпретация – талкуу, инсценировка, визуалдаштыруу аркылуу текстти “тирилтүү” керек. Кыргыз элинин улуттук баалуулуктары менен дүйнөлүк алкактагы мыкты ойлорду синтездеген улуттук жана универсалдык айкалыш аркылуу окутууну колго алуу зарыл. Балдар адабиятынын улуттук идеологиядагы орду – ал улуттун келечектеги жарандарынын ички дүйнөсүн тынч, бирок абдан терең өзгөрткөн орчундуу күч. Мектеп про-граммасында сапаттуу, окуучуну ойлонууга мажбурлаган, заманбап, улуттук духту сактаган чыгармалар болсо, анда келечектеги Кыргыз коому аң-сезимдүү, жоопкерчиликтүү, өз тамырын билген муун менен жаңыланат…

Эгерде бүгүнкү күндө мектептерде окутулуп жаткан балдар адабиятын окутуунун жаңы программасына сунуш болсо, мен көп жылдардан бери жан дили менен балдар адабиятына кызмат өтөп келаткан балдар жазуучусу – Айдай Бекбоеванын чыгармаларын сунуштайт элем. Айдай айымдын Бишкек шаарынын “Эркиндик” бульварындагы ОТУРГУЧ жөнүндөгү эссесин алалы. Ал кыска форматта жазылганы менен, чоң философиялык, символдук жүк көтөргөн чыгармалардын баш сабында турат. Автордун бул чыгармасындагы көркөм текстке окурмандык сын көз менен караганда, ал эң оболу жандуу эмес нерсени жандандыруу – персонификациялоо аркылуу адамзаттын руханий абалын ачкан мыкты чыгармалардын катарына кирет. Бул чыгарманын жалпы концепциясы менен идеясына саресеп салсак, аталган эссенин борбордук образы – гүлбактагы отургуч. Бул жөнөкөй деталь эмес, ал өзүнүн айлана-чөйрөсүндө болгон окуяларга күбө боло алган, тыңшоочу, эскерүүчү, эс тутумунда сактоочу, философ отургуч.

Автор чыгармадагы отургуч аркылуу адам жашоосунун агымын, өткөн-кеткен сезимдерди, убакыттын өтүшүн чебер сүрөттөп көрсөтөт. Бул ыкма дүйнөлүк адабияттагыдай эле кыргыз адабиятында, кыргыз эл жомокторунда, уламыштарында көп эле кездешип келет. Эссенин негизги идеясы, адамдар өзгөрөт, доорлор алмашат, бирок мээрим, эскерүү, жөнөкөй, бирок зор бакыттын көз ирмемдери – түбөлүктүү экенин ачып берүүдө болгон. Күнүмдүк турмуштагы жөнөкөй көрүнүштөр аркылуу чоң маанини ачуу, тынч, ички драмасы күчтүү атмосфера түзүү, “жансыз нерсенин” дүйнөсүнө кирип, айланага көңүл буруу – бул калемгердин мыкты чеберчилигин аныктайт. Эсседеги отургуч – жөнөкөй, бирок терең маанилүү табигый деталдын кол менен жасалган аналогу.

Айдай Бекбоеванын бул эссеси, формасы жөнөкөй, мазмуну терең, стили таза жана поэтикалуу. Бул чыгарма жандуу эмес нерсе аркылуу адамзаттын инсандык абийирин, маданиятын жана мээримин чагылдырган философиялык проза. Бул эссе дүйнөлүк адабияттагы улуу жазуучу жана драматургдардын бири, кыска аңгеме жанрын жаңы деңгээлге көтөргөн улуу сөздүн устаты – Антон Чеховдун тынч драмасына, илимий-фантастика, фэнтези жана философиялык проза жанрында жазган америкалык жазуучу Рэй Брэдберинин ностальгиясына үндөшүп, ошол эле учурда өзүнүн кыргыз деген улуттук, бишкектик атмосферасын жоготпогон оригиналдуу чыгарма экенин кантип тааныбай кое алабыз.

Андан ары Айдай Бекбоеванын “БАШ ИЙБЕГЕН БУТТАР” аңгемесине келсек, формасы жеңил, мазмуну терең, балдар психологиясына туура таасир эткен чыгармалардын бири. Бир караганда жомокко жакын, тамашалуу окуядай сезилгени менен, анын ичинде тарбия, жоопкерчилик жана ички аң-сезимдин ойгонушу тууралуу олуттуу идея жатат. Бул чыгармадагы идея менен мазмундук өзөк – ата-энесинин сөзүн укпаган баланын өз жүрүм-турумунун терс азабы менен беттешүүсү. Бирок автор бул моралды түз айтпайт. Тескерисинче, фантастикалык элементтерди колдонуп, буттардын “баш ийбеши”, юмор, кыймылдуу окуя аркылуу жеткирет. Бул балага үйрөтүү эмес, сездирүү – балдар адабияты үчүн эң туура ыкма болуп саналат. Аталган аңгеме дүйнөлүк балдар адабиятынын классикалык үлгүлөрү менен мазмундук жана стилистикалык жагынан үндөшүп турат. Жандуу эмес нерселердин “тил алышы же тил албашы”, тамашалуу, динамикалуу сюжеттер, тарбиялык маанинин жеңил формада берилиши. Элебайдын буттары – орус жана совет доорундагы балдар адабиятынын эң көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири, акын, сынчы, котормочу Корней Чуковскийдин чыгармаларындагы жанданып кеткен буюмдарды эске салат.

Аңгеменин артыкчылыктары – сюжеттин динамикасында. Чыгармада окуя тез башталып, кызыктуу өнүгөт. Кульминациясы күлкүлүү, эсте каларлык. Окуянын жүрүшү китеп окуп отурган баланын көңүлүн бир мүнөт да бошотпойт. Фантастикалык ыкма ийгиликтүү колдонулган. Буттардын “баш ийбеши” логикалык жактан жөнөкөй, психологиялык жактан таасирдүү, так сүрөттөлгөн. Бул – баланын ички абалынын метафорасы: “сен таалимчиңди укпасаң, өзүңдү өзүң башкара албай каласың” – деген тарбия. Юмор жана визуалдуу эпизоддорго маани берсек, көлчүккө түшүү, дөңдөн тоголонуу, кино сыяктуу элестейт, бул китепти окуп жаткан бала үчүн өтө кызыктуу.

Балдар адабиятына мүнөздүү болгон фантазия менен реалдуулуктун балансын карасак, мистика бар, бирок турмуштан алыс эмес. Агартуучулук мааниси, окурманды “окутпайт”, ойлонуп, жыйынтык чыгарууга мажбурлайт. Бул албетте профессионалдык бийик деңгээл. Мына ушуларды эске алуу менен Айдай Бекбоеваны кыргыз балдар адабиятынын заманбап, перспективдүү, өз стили калыптанып келе жаткан автору – деп баалоого болот. Ал Чыңгыз Айтматов сыяктуу терең символизмге азырынча бара элек, бирок дүйнөгө белгилүү италиялык жазуучу, акын жана педагог, балдар адабиятынын эң жаңычыл өкүлдөрүнүн бири Жанни Родари сыяктуу жеңил формадагы философиялык терең ой жүгүртүүгө жакындап баратканын калыстык үчүн айта кеткенибиз туура болот. Эгер ал образдык тереңдикти дагы өстүрсө, символизмди күчөтсө, келечекте кыргыз балдар адабиятында өз орду бар, бирден-бир олуттуу авторго айланат.

Бахпурбек Аленов

 

 

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X