Кеменгер калемгер

11-август, 2021-ж. / Редакция / Жаңылыктар 28

“Эркин-Тоого” – 30 жыл

Кыргыз журналистикасынын кыйырында кыраан калемгерлер саналуу. Алардын туу башында Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, чыгаан журналист Таалайбек Кайыпбекович Темиров турат. Эгемен эркин өлкөбүз менен тең катар негизделген мамлекеттик расмий “Эркин-Тоо” гезитине да быйыл 30 жыл толот. Мына ушул эгемен өлкөбүз  менен бирге такандаган  жаңы гезитте Таалайбек Кайыпбекович башкы редактор болуп иштеп, гезиттин алгачкы тарых барактарын түптөөгө теңдешсиз мээнетин жумшаган. Жумшап да келатат. 1996-жылдын 22-апрелинен 2002-жылдын 22-апрелине чейин 6 жыл башкы редактор болуп иштеп, гезиттин чыгармачылык жамаатын чыңдоо менен бирге мамлекеттик гезиттин маңыздуулугун, мазмунун арттырууда айрыкча роль ойногон. Эң узак иштеген башкы редакторубуз десек жаңылыштык эмес.

Баса, окуу жайын бүтөрү менен төл гезитибиз  “Кыргыз Туусу” гезитинде иштеп, алгачкы эмгек жолун баштайт. Практикага келишкенде эле жаш жигиттин жигерине баа берген баш редакторлор бирге иштешүү ниеттерин жашырышкан эмес. Көпөтпөй эле оозго алынат. Кыска убакыт ичинде калем үзүрүн көрө баштайт. Жаш журналист бул гезиттеги дөө-шаа улуу муун журналисттердин таалимин алат. Такшалат, тажрыйба топтойт. Бул жерде бөлүм башчылыктан баш редактордун орун басарлыгына чейин жетет. Жемиштүү эмгектенет.

Сөздүн кыскасы, ары барагы жаңы ачылган  гезит “Эркин-Тоо” менен жуурулушуп кетти. Бекем кармады баш редакторлук эки тизгин, бир чылбыр жетекчиликти. Тарыхы тамырланып калган узак мезгил аралыгын баштарынан кечирип калган “Кыргыз Туусу” менен “Эркин-Тоону” салыштырып болбос. Жаңы өкмөттүк гезиттин өрөөн-бутагын жайылтуу оңой эмес болчу. Анан калса коомубуз болуп көрбөгөндөй өзгөрдү. Базар шартында басма шарт-жагдайын шай кылуу оорго турган. Анткени, соолгон союз кулап, алды алдыбыздан тал кармап, экономикалык өксүктөрөөрчүп, турмуш абалыбыз  начар эле. Жаңыдан такандай баштаган эгемен кыргыз мекенин гүлдөтүү ар бир кыргыз баласынын милдети эмес беле. Таалайбек Кайыпбекович эгемен өлкөбүз менен тең эгиз гезиттин чамгарагын көтөрүп, шыдыр басма жолуна мүмкүнчүлүгүнүн жетишинче сала баштады. Багыты калыстык, акыйкаттык, ынтымак, ырашкерлик болчу. Айрым бир ээн ооз гезитчилерине окшоп, ойду-тоону оттогон кабарлардан окчун кармады. Албетте, сын керек эле. Жүйөлүү пикир, сунуштарга, актуалдуу маселелерди козгогон макалаларга басым жасалчу. Ошондон улам чыгар жаңы гезит өзүнүн жүзүн тапты. Жөнөкөй жумушчу окурмандардан баштап академиктердин айтчу сөздөрү байма-бай чагылдырылып турду. Телегейди тегиз камтыган тегерек үстөлдөр аркылуу нечен көйгөйлөрдөн арылууга болору тастыкталды. Олуттуу маек-төрдүн көркүн мен-мен деген мамлекеттик, коомдук жана саясий ишмерлер ачып, мекенчилдик рух баар таба баштады. Көрсө көсөм элибиз айтмакчы, Улуу көч бара-бара түздөлөт турбайбы.

Баамдаганым гезит бетине тиги же бул инсандарды катыра ушактаган, аркы-беркисине карабай каралаган, кемсинткен уу-дуу коштогон материалдарды окубадык. Салмактуу, маңызы терең, мазмундуу материалдарга көбүрөөк көңүл бөлүнгөн. Мындай багыт калың окурмандардын ойлоруна төп келген.

30 жыл ичинде эгемен мамлекетибиз не деген кыйынчылыктарды башынан кечирбеди. 3 жолу элдик революция болуп өттү. Баарын терип-тепчип олтуруунун кажети жок. Гезит бетине мамлекеттин кылычын чапкан, кызыкчылыгын көздөгөн,  өлкөбүздүн өнүгүп-өсүүсүнө түрткү берер материалдарды жарыялоо ал учурда абдан керек эле. Себеби, жамгырдан кийин жабалактап өскөн козу карындай эркин басылмалар каптап, эл-журт үмүтүнө суу сээп турушкан. Өлкөбүздүн келечегине кедергисин тийгизген кемчиликтерден четтөө оорго турган. Ушундай шартта гезит өз киндигин өзү кесүүгө туура келген. Гезитке жазылууну уюштуруу, жарнамалык материалдардын үстүндө иштөө боюнча ырааттуу иштер жанданган. Гезит бетине ушак-айыңдуу, бир жактуу жаакташкан материалдар жарыяланбастан, позитивдүү олуттуу материалдарга көбүрөөк орундар берилген. Окурмандардын кызыгуусун арттырган жаңы гезит “Эркин-Тоонун” кадыры ошондуктан опол тоодой ордун ээлеп өсүп олтурган.

Ал эми мамлекеттин жана өкмөттүн расмий материалдарын, мыйзамдарды чыгаруу жагынан алдына камчы салдырбады. Бел чечпей күндүр-түндүр иштеген күндөр мол болду.

Таалайбек Кайыпбекович Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика факультетинде окуган. 1974-жылы киришип, 1979-жылы бүтүшкөн. Көрүнүктүү журналистМундузбек Тентимишевдин курсташы тууралуу бир макаласында минтип айтканы бар. Улуу орус акын-жазуучулары: “Биз Гоголдун шинелинен чыкканбыз” дегендей биз да Таалайбек Темировдун конспектилеринен чыкканбыз”. Таалайбек лекцияларга такай  катышып, тизген мончоктой толук конспектилеп жүргөндүктөн, сессия күндөрү анын конспектилерин талашып окуп, экзамендерге даярданышчу тура. Мундузбектин ушул сөздөрүн эстегенде көз алдыма мыкты режиссёр Леонид Гайдайдын “Шуриктин жоруктары” кино тасмасы тартылат. Экзамен учурунда Мундузбектер (Шуриктер) Таалайдын  конспектисине жабалактап жабышып, жанталашып окуп жаткандары көз алдыма элестейт. Ооба, Мундузбек эң туура белгилегендей Таалайбектин конспектисинен Мундузбек Тентимишев баш, башкалары төш болушуп өсүп чыгышты белем. Курсташтардын ичинен мен-мен деген мыкты журналист, жазуучу, акындар, калемгерлер чыгышты.

Мундузбек Тентимишев  терең деңиз мелтиреп агат, Таалайбек Темиров мына ушул деңиздей тереңдеп айтканы бар. Бул салыштырууларына мен да толук кошулам. Солк этпей жүрөт, жүйөсүз сүйлөбөйт. Тайыздык сапат пешенесине чийилбеген.

2002-жылы “Эркин-Тоо” гезитинде иштеп калдым. Ал учурда Таалайбек Кайыпбекович башкы редакторлуктан бошоп, орун басар болуп калган экен. Жибектей созулуп  ишке өз мөөнөтүндө келип-кетер эле.

Бир күнү ыраматы болгур, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери Асанбек Абыкеевдин кабинетинде олтурат элем. Ал бир да ыр жыйнагын чыгарбаганы менен гезит окурмандарына аттын кашкасындай белгилүү болчу. “Ой, бу Таалайбек Кайыпбековичти баш редакторлуктан алып салгандары менен деле баш редактордой эле милдетин өтөп,  иштеп жатат. Тигиниси деле, мунусу деле Таке, дешип тиги же бул маселелерди сурашып, тындырбай кеңеш сурап келе беришет. Такем, бирин да какпайт, баягы эле баш редактор кезиндей жибектей созулуп оңдоочу жерлерин оңдоп, түздөөчү жерлерин түздөп  берет. Коомдук башталыштагы баш редактор десек деле жараша турган” деп күлдүргөнү күнү бүгүнкүдөй эсимде.

Ырас эле гезит ишин Таалайбек Кайыпбековичтей жакшы билгендер арабызда кем. Орусча, кыргызча терең билгендиктен жигери кең. Кандай гана суроо менен кайрылбаңыз туура жоопту аласыз. Каталарыңыз оңдолот, чийки жери ийине жетет.

Кызыгы, Таалайбек Кайыпбековичти биз каалагандай пайдаланып келдик. Кааласак баяндамачылыкка да которобуз. Же бөлүм башчылыкка бекемдейбиз. Бирок, чиркин бир да жолу мени жогорку кызматтан алып салдыңар деп таарынганын сезбедик. Кечирип коюшсун айрым кесиптештерим төмөндөп калышса чөгүп кетишет. Кызмат колдун кири экенине маани беришпейт. Мансап атасынан калгандай капа болушат, кап?! Бир сөз менен айтканда Темировдон үйрөнө турган таалимдер жана таасирлер көп.

Темировдун канча жолу орун басар же бөлүм башчы, баяндамачы болгонун санап кажети жок. Ат айланып казыгын табат демекчи кайрадан орун басарлык кызматка келгенде ордун  жуумак болду. Туура саат 12.00дө чай ичүү шааниси башталды. Торт, суусундуктар менен тостторду айта баштадык. Күлүп-жайнап, жакшы тилектерди кааладык. Айтайын дегеним иш учурунда жакшылыктарыбызды жууганда спирттик ичимдиктерди аралаштырып аша чаап кетмей адаттарыбыз бар эле. Бу саам андай болбоду. Тартип, тартип жана тартип демекчи, тартип жагын да ушу турган Темировдон үйрөнсөк болчудай. Мактаныч, ысырапкорчулук, көөдөн көтөрүү, текеберчилик өңдүү терс көрүнүштөрдү жоё албай жүрөбүз. Демек, бул жагынан да Таалайбек Кайыпбековичтен үлгү алсак болчудай..

Таалайбек Кайыпбекович кышында кар жатпаган, хан, бек, манасчы, даанышман, аалымдар көп чыккан  Кочкор районунун кулуну. Атасы Кайыпбек Темиров районго белгилүү белдүү мугалим болгон. Ачыгын айтканда Кайыпбек Темиров Кочкор өрөөнүнүн Дүйшөнү . Миңдеген окуучуларды тарбиялаган. Ошондуктан, бир туугандар Темировдун темирдей тартибин алышып мектепте да, жогорку окуу айларында да жакшы окушкан. Ата таалими текке кетпеген. Бүгүнкү күндө                            Темировдордун өрөөн-бутагы өскөн. Атасынын наамын алган орто мектептин окуучуларын, мугалимдерин демөөрчүлүккө алышып келишет. Кайыпбек Темиров атындагы орто мектеп – алдыңкы мектеп! Аталарынын ордун жоктотуша элек. Мектеп менен байланыштары бекем!

Угушума караганда  бир кезде Таалайбек Кайыпбековичти Ак үй менен Көк үйгө кызматка чакырышкан дешет. Таң?! Көпөмүрү бирге өткөн “Эркин-Тоосунан” өткөн зоолорду эңсебеди  шекилди. 30 жылдык тарыхы бар гезиттин ысыгына күйүү, суугуна чыдоо пешенесине чийилгендей… Алдыда  50, 60, 70 жылдыктар бар эмеспи.

Жүзүнөн нур чачырап турган Таалайбек Кайыпбекович 65 жаштын насибин көрүп жатат. Жүзү жаш ишенбейм, 65 жаштын эмес эле кырктын кырында кыйкырып тургандай. Неберелерин эркелетип, өмүрлүк жары менен узак жашоосуна тилектешпис. Анткени, биз да орус жазуучулары айткандай Темировдун журналисттик-чыгармачылык мектебинен канат күүлөп учуудабыз.

Таалайбек Кайыпбекович, бар болуңуз! Көп жашап, узак өмүр сүрүңүз!

Айчүрөк Макешова

11-август, 2021-ж. / Редакция / Жаңылыктар 28
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X