Бүгүн, 12-майда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик менен Агро Куш компаниясынын ортосунда инвестициялык макулдашууга кол коюлду. Документке агенттиктин директору Равшанбек Сабиров жана компаниянын башкы директору Аскат Абдрахманов кол коюшту.
Макулдашууга ылайык, Кемин району аймагында иштеп жаткан канаттуулар комплекси кеңейтилет. Долбоор жаңы өндүрүштүк кубаттуулуктарды түзүүгө багытталган.
Анын алкагында эки кошумча өстүрүү аянтчасында 24 канаттуулар багылуучу имарат курулуп, саатына 30 тонна тоют өндүрүүчү завод ишке берилет.
Долбоорго жалпысынан 1,7 миллиард сомдон ашык инвестиция тартылары маалымдалды.
Маалыматка ылайык, долбоор агроөнөр жай тармагын өнүктүрүүгө, өндүрүш көлөмүн көбөйтүүгө жана аймакта жаңы жумуш орундарын түзүүгө өбөлгө болот.