Чүй облусунун Кемин районунда жаратылышты коргоого жана экологиялык маданиятты жайылтууга багытталган “Ак Илбирс ЭкоФест 2026” экологиялык фестивалы өттү.
Иш-чара Кемин районунун Шабдан айылында “Илбирс: экологиялык билим берүү – Кыргызстандын туруктуу келечегинин негизи” темасында уюштурулду.
Фестивалды Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин жана Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын колдоосу менен “Илбирс – Жашыл Муун” коомдук фонду уюштурду.
Иш-чарага Президенттин тоо маселелери боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова, Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов, БУУнун Кыргызстандагы Туруктуу координатору Антье Граве, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, илимий чөйрө, коомдук уюмдар, жаштар жана жергиликтүү тургундар катышты.
Фестивалдын ачылышында Динара Кемелова ак илбирс Кыргызстандын улуттук символу катары белгиленгенин айтып, анын тоо экосистемаларынын абалын көрсөткөн маанилүү жаныбар экенин белгиледи. Ошондой эле ал 2023-2027-жылдарга карата Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча аракеттердин беш жылдыгынын алкагындагы иштер жана 2027-жылы өтө турган “Бишкек+25” Экинчи Глобалдык тоо саммитине даярдык тууралуу маалымат берди.
Иш-чаранын жүрүшүндө экологиялык билимди жайылтууга багытталган арт-зоналар, кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөлөрү, мастер-класстар, сынактар жана маданий программалар уюштурулду.
Мындан тышкары, фестивалдын алкагында Кемин районунда клен дарагынын көчөттөрү отургузулду.