Кемпир-Абадды Өзбекстанга бербейбиз!
Мындай билдирүүнү кечээ 25-апрелде Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жасады. Эске салсак, Кемпир-Абад суу сактагычына тиешелүү жердин Өзбекстанга берилишине каршы Өзгөн районунун жашоочулары да нааразычылык акциясына чыгып, суу жээгине боз үйлөрдү тигип алышкан эле. Акциянын катышуучулары менен Камчыбек Ташиев кечээ өзү барып жолукту. “Кемпир-Абадды азыркы бойдон калтырабыз. Өзбекстанга өткөрүп бербейбиз. Калган иштерибизди Аксы, Ала-Бука, Баткенде уланта беребиз», — деди Ташиев жолугушуу учурунда.