Кесиптеш менен дос болууга болобу?

20-октябрь, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Коом 21

Жамаат кызмат эле эмес, жан дүйнө кызматын да талап кылат. Мындай билдирүүлөрдү психологдор айтып келишет. Анткени жамаат менен адам убактысынын көбүн өткөрөт. Ошол себептен кызматтагы адам үчүн анын жанында жүргөндөр менен болгон мамиле маанилүү.
Коллективдин ичиндеги достук адамга, ишке таасир береби? Бул суроого дүйнөлүк көчмө Сorso Catering ресторандардын негиздөөчүсү Виктория Стрекалина жооп бериптир.

Достук-жумуш!

Көп бизнесмендер, жетекчилер коллективдеги достук ийгиликтерге алып келбейт деп айтып калышат. Анткени жетекчилер дос кесиптештер ага каршы чыгат деген пикирде болушат. Бирок, иш жүзүндө дос кесиптештер иштин мыкты жыйынтыктарын көрсөтүшөт. Алардын идеялары андыктан азыр кесиптештердин ортосундагы достукту күчөтүү чараларын көрүүгө өтүшкөн.

Эрежелер

Бирок, кесиптештердин ортосундагы достукта эрежелер бар. Кесиптеш достор, жалпы темаларды гана сүйлөшүшү зарыл. Алсак, дүйнөлүк өзгөрүүлөр, хобби, тасмалар тууралуу. Бул темалар түштөнүү убагында же жумуштан кийин гана сүйлөшүлүшү шарт.

Бош убакыт жакындарыңыздыкы
Сиздин жумуштан кийин кесиптеш досуңуз менен көп баарлаша бергениңиз туура эмес. Жумушта дос болгон кесиптештер достук мамилелерин жумушта калтырышса жакшы болот. Аларды кызыкчылыктар, идеялар гана бириктирип, ал эми калган бош убактыңыз жакындарыңызга арналганы туура болот.

Жеке жашоо
Жеке жашоо тууралуу кесиптеш досуңузга айтпаңыз. Жумуш жеке жашоодон такыр алыс болушу кажет. Кесиптештер арасында жеке жашоосу ачыкка чыккан адамды сыйлабай коюу коркунучу бар.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X