Кесиптик билим берүүнүн сапатын жогорулатуу талкууланды
9-сентябрда, Бишкекте “Башталгыч кесиптик билим берүүнү реформалоо” темасында атайын тегерек стол уюштурулду. Иш-чарага Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова, Президенттик Администрациянын билим берүү, илим, маданият, спорт жана жаштар бөлүмүнүн башчысы Галина Байтерек, министрликтин жетекчилери, кесиптик лицей директорлору, ишкерлер жана башкалар катышышты.
Иш-чарада заманбап шартта социалдык өнөктөштүктү өнүктүрүү жана башталгыч кесиптик билим берүү системасында билим берүүнүн сапатын жогорулатуу үчүн социалдык өнөктөштүктүн жаңы моделин түзүү жөнүндө талкуу жүрдү.
Өлкөдө жумушчу кадрларды даярдоо жана калкты иш менен камсыз кылуу жагы негизги маселелердин бири. Ушул маселени чечүүгө кесиптик билим берүү тармагынын кадыр-баркын жогорулатуу керектигин сөз кылышты.
“Кыргыз Республикасында жалпы 99 башталгыч кесиптик лицей бар. Ошонун ичинде 150 жумушчу кесиптер даярдалып жатат. Азырынча бириктирүү маселеси карала элек. Мунун себеби, кээ бир лицейлерде жабдуулар эскирип, технологиялык жактан артта калган. Ал эми азыркы учурда замандын талабына жооп берген адистиктерди даярдоо биздин максатыбыз”, — дейт билим берүү министринин орун басары Нурлан Омуров.
too.kg/wp-content/uploads/2021/09/ajt1.jpeg?v=1631182439″ data-link=»http://erkin-too.kg/?attachment_id=19776″ class=»wp-image-19776″ />
too.kg/wp-content/uploads/2021/09/ajt2.jpeg?v=1631182442″ data-link=»http://erkin-too.kg/?attachment_id=19777″ class=»wp-image-19777″ />
too.kg/wp-content/uploads/2021/09/ajt3.jpeg?v=1631182444″ data-link=»http://erkin-too.kg/?attachment_id=19778″ class=»wp-image-19778″ />
too.kg/wp-content/uploads/2021/09/ajt4.jpeg?v=1631182446″ data-link=»http://erkin-too.kg/?attachment_id=19779″ class=»wp-image-19779″ />