Кесиптик лицейдин бүтүрүүчүсү чеберчилик боюнча дүйнөлүк сыйлыкка татыды
Бишкек шаарындагы №18 кесиптик лицейдин бүтүрүүчүсү Ханифа Сыргакова WorldSkills Shanghai 2026 кесиптик чеберчилик боюнча дүйнөлүк чемпионатынын жыйынтыгында «Best of Nation» сыйлыгын алды.
Ал «Мода технологиясы» компетенциясы боюнча күч сынашып, Кыргызстандын улуттук курама командасынын катышуучулары арасында эң мыкты жыйынтык көрсөткөнү үчүн бул сыйлыкка татыктуу болду.
22–27-сентябрда Шанхай шаарында өткөн чемпионатта 68 өлкөдөн жана аймактан келген 1400гө жакын жаш адис 64 компетенция боюнча күч сынашты.
Кыргыз Республикасынын курама командасы жети компетенция боюнча катышты: «Ширетүү технологиялары», «Ашпозчулук иши», «Мода технологиясы», «Өнөр жай дизайнынын технологиялары», «Графикалык дизайн технологиялары», «Веб-технологиялар» жана «Мобилдик тиркемелерди иштеп чыгуу».
Курама команданын чемпионатка катышуусун «WorldSkills Kyrgyzstan» коомдук фонду Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги менен биргеликте уюштурду.
Кыргызстан WorldSkills кыймылына 2023-жылдын 27-сентябрында Ирландиянын Дублин шаарында өткөн Башкы ассамблеянын сессиясында 86-мүчө өлкө катары расмий кошулган. Ал эми 2026-жылы WorldSkills International уюмунун толук укуктуу мүчөсү болду.
Бул кесиптик билим берүү тармагындагы студенттердин, окутуучулардын жана эксперттердин кесиптик өнүгүүсүнө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө шарт түздү.