Кичик-Алайдын окуучулары эми мектепке автобус менен барышат
Бүгүн, 1-октябрда Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев Араван районунун Керме-Тоо айыл аймагына барып, жергиликтүү тургундар үчүн маанилүү маселелердин чечилишине күбө болду.
Иш сапардын жүрүшүндө айыл өкмөтүнүн балансына жалпы 8 млн 400 миң сомдук үч техника өткөрүлүп берилди.
Алардын ичинен Кичик-Алай айылынын мектеп окуучулары үчүн 20 орундуу Mercedes-Benz Sprinter Classic үлгүсүндөгү кичи автобус сатылып алынды.
Буга чейин Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Араван эли менен жолугушуусунда Кичик-Алай айылынын тургундары балдары мектепке жетүү үчүн күн сайын 4 чакырымдан 9 чакырымга чейинки аралыкты жөө басып жатканын айтып, окуучуларды ташуу үчүн автобус суранышкан.
Маселени чечүү максатында Араван райондук өнүктүрүү фондунан 1 млн 500 миң сом каралып, тендер өткөрүлгөн. Жыйынтыгында 1 млн 400 миң сомго кичи автобус сатып алынды.
Бүгүнтөн тарта Кичик-Алай айылынын окуучулары мектепке атайын автобус менен жеткирилет.
Мындан тышкары, Дүйнөлүк банктын АРИС программасынын алкагында Керме-Тоо айыл өкмөтүнө 27 чакырым алыстыктан таза суу тартылып келген. Суу системасын үзгүлтүксүз иштетүү жана мындан аркы оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү үчүн айыл өкмөтүнө дагы эки атайын техника берилди.
Алар:
-
1 даана ассенизатордук машина — 3 млн 500 миң сом;
-
1 даана экскаватор — 3 млн 500 миң сом.
Ошентип, бүгүн Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн балансына жалпы 8 млн 400 миң сомдук техника өткөрүлүп берилди.
Жаңы техника аймактагы таза суу системасын тейлөөгө, оңдоп-түзөө иштерин өз убагында жүргүзүүгө жана айыл тургундарына көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жакшыртууга багытталат.