Ким күчтүү? Чүйдө эки тоо текенин «таймашы» видеого түштү

28-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 129

Чүй облусунун тоолуу аймактарынын биринде эс алуучулар эки тоо текенин өз ара күч сынашкан учуруна күбө болушту.

Эс алуучулар тарткан видеодо эки эркек тоо теке бири-бири менен сүзүшүп, күч сынашканы көрүнөт. Алардын айланасында башка тоо текелер жана эчкилер чогулуп, окуяны сырттан байкап турушкан.

Адистердин маалыматына ылайык, мындай көрүнүш тоо текелеринин табигый жүрүм-турумунун бир бөлүгү. Айрыкча көбөйүү мезгилинде эркек текелердин ортосунда атаандаштык күчөп, үстөмдүк үчүн күч сынашуусу мүмкүн.

Министрлик жарандарды жапайы жаныбарларга аяр мамиле жасап, алардын жашоо чөйрөсүнө кийлигишпөөгө чакырды.

28-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 129
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X