Кинематография архивдик документ эмес
Маданият жана көркөм өнөр дүйнөсүндө залкар инсандардын өмүр жолуна, ички дүйнөсүнө кайрылуу дайыма чоң жоопкерчилик менен тобокелчиликти талап кылат. Өзгөчө кыргыз журтчулугу үчүн руханий дөөлөттөрдүн туу чокуларынын бири, улут сыймыгы болгон Чыңгыз Айтматовдун феноменине кайрылуу андан да жоопкерчиликтүү. Жакында эле калың журттун назарына сунушталган режиссёр Каныбек Калматовдун “Айтматов” көркөм тасмасын көргөндөн кийин менде “ата мекендик кинематографияда жаңы барак ачылды” деген ойду айтууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.
Анткени, бул фильмди жөн гана хронологиялык даталардын, өмүр баяндык фактылардын жыйындысы катары кабыл алууга болбойт. Тасманын башкы ийгилиги, жазуучунун ички драмасын, трагедиясын, кубанычы менен кайгысын, андагы чексиз сүйүүнү жана чындыкты издөө жолун көркөм чагылдырганында болуптур. Режиссёр Ч.Айтматовдун инсандык болмушун анын өзүнүн классикалык чыгармаларындагы терең философиялык ойлору, каармандарынын психологиялык абалы аркылуу ачып берүүгө жетишкен. Фильмди көрүү учурунда жазуучунун замандаштары же тарыхчылар айрым далилдүү фактылык так эместиктерди байкашы мүмкүн. Бирок кинематография архивдик документ эмес, ал эң оболу искусство. Мында режиссёрдун негизги көркөм концепциясы, идеялык милдети толугу менен ишке ашкан.
Бул эмгектеги эң таң калыштуу, суктанарлык жагдай, режиссёр Каныбек Калматовдун жаш курагында. Болгону 27 жаштагы жаш режиссёр үчүн Чыңгыз Айтматовдой залкардын образын кармап калуу, анын рухий масштабын сезүү чексиз жоопкерчилик. Анткени, жаш режиссёр Ч.Айтматовду көзү тирүүсүндө көргөн да эмес болушу керек. Ал эми убагында Чыңгыз Айтматовдун өзү менен бетме-бет маектешип, анын улуу уулу Санжар менен чогуу кызмат өтөп, Аскар менен тыгыз достук мамиледе болгон улуу муун өкүлдөрүнүн: “Фильм СОСТОЯЛСЯ!” “Фильм ийгиликтүү чыкты!” деген баасы көп нерседен кабар берет. Бул муундар ортосундагы руханий байланыштын үзүлбөгөнү, жаш режиссёрдун метафоралык туюмунун тереңдигинин далили.
Тасмада роль жараткан актёрлордун чеберчилиги өзүнчө сөз кылууга арзыйт. Ар бир каармандын образы ишенимдүү, эмоционалдуу жана көрүүчүнүн жүрөгүнөн түнөк таба тургандай деңгээлде ачылган. Өзгөчө Чыңгыз Айтматовдун апасы Нагима Хамзаевнанын ролун аткарган актриса Арина Исакова менен Алмаз Караевдин ролун ойногон актёр Марат Амираевдердин жогорку деңгээлде мыкты аткарганын айтпай кетүүгө болбойт.
Чыңгыз Айтматов жөн гана өткөн доорго таандык тарыхый инсан эмес. Ал кыргыз элин дүйнөгө тааныткан руханий казына. Албетте бул Ч.Айтматов жөнүндө тартылган алгачкы көркөм тасма. Келечекте Чыңгыз Төрөкулович жөнүндө дагы да көптөгөн мыкты тасмалар жаралат деген үмүт бар. Ал эми бул фильмди ар бир кыргызстандык көрүшү керек болгон маанилүү көркөм дүйнө болуп калды. Жаш режиссёр Каныбек Калматов менен бирге фильмдин бүткүл чыгармачыл тобун ушул ийгилиги менен куттуктап, мындан ары да чыгармачылыкта жаңы көркөм ачылыштарды, чексиз бийиктиктерди жарата беришине тилектешпиз!
Бахпурбек Аленов