Китептин ээлери акчалай сыйлык жана дипломдор менен сыйланышты
Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүнө карата К.Баялинов атындагы Республикалык балдар жана өспүрүмдөр китепканасында Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсүнүн алкагында “Көп окуган – көсөм” деген аталыштагы майрамдык иш-чарасы болуп өттү. Ага КРнын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев, Китеп палатасынын төрагасы Койчуман Момункулов, “Окуу керемет” долбоорунун директору Лиана Гертч жана жаш окурмандар, жазуучулар, китеп өндүрүүчүлөр катышышты. Китеп – илим-билимдин, акылдын булагы, баа жеткис кенчибиз, мурасыбыз. Алмустактан адамзат калыптанып, илим-билимге умтулганы китеп кылымдар бою жарыгын чачып, биздин руханий дүйнөбүздүн бийиктигин арттырууга кызматын кылып келе жатат. Агартуучулукта китептин салымы зор. Жаштарды жана мектеп окуучуларын тарбиялоодо, акын-жазуучулардын чыгармаларынан үлгү алууга болот.
Майрамдык иш-чаранын ачылышында министр Кайрат Иманалиев сөз сүйлөп, катышуучуларды бүгүнкү майрамы менен куттуктады.
“Кыргыз профессионал адабиятынын көч баштоочуларынын бири – Касымалы Баялинов атындагы жаш өспүрүмдөр китепканасынынын алдында жаш бөбөктөрүбүз, мыкты калемгерлерибиз, китеп дүйнөсүнө кызмат кылып жүргөн басмаканаларыбыз менен китеп күнүн белгилеп жатабыз. Кыргыз китеп дүйнөсүн дүйнөгө таанытып, республикадагы жалпы окурмандарын тейлеп жаткан басмаканаларыбыз өздөрүнүн жарыкка чыгарган китептеринин жарманкесин уюштуруп жатат. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин атынан китеп өндүрүүчүлөрдү, китеп сүйүүчүлөрдү, китеп жараткан жаратмандарды жана окурмандарды бүгүнкү, 23-апрель – Бүткүл дүйнөлүк китеп күнү менен куттуктайбыз. Өспүрүмдөр, жаш бөбөктөр китеп менен дос болсоңор келечегиңер кең, билимиңер терең болот. Китепканаларыбыздын эшиги сиздер үчүн ар дайым ачык”, — деди Кайрат Иманалиев.
Ал майрамдык иш-чаранын алкагында китеп дүйнөсүнө кызмат кылып жүргөн калемгерлердин бул жылдагы мааракелик жашы мене куттуктап, сыйлык тапшырды. Ошондой эле китеп дүйнөсүндө заманбап жасалгалар менен китеп чыгарып жатышкан басмаканаларга жарыяланган сынак жыйынтыкталды. Сынакка 13 басмаканын 28 китеби катышкан. Калыстар тобунун тандоосуна жети китеп татыган. Китептин ээлери акчалай сыйлык жана дипломдор менен сыйланышты. Мындан сырткары китепкананын алдына басмаканалардын китептеринин жарманкеси уюштурулуп, жаш окурмандардын кызыгуусун туудурду.
too.kg/?attachment_id=7358″ class=»wp-image-7358″/>
too.kg/?attachment_id=7359″ class=»wp-image-7359″/>
too.kg/?attachment_id=7360″ class=»wp-image-7360″/>
too.kg/?attachment_id=7361″ class=»wp-image-7361″/>
Асел Барыктабасова