Клара Масалбекова, КРнын Башкы прокуратурасынын бөлүм башчысы “Бала таарынычтын, тирешүүнүн курмандыгы болбошу керек”
Алимент өндүрүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана балдардын мыйзамдуу кызыкчылыгын коргоону күчөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы “Алимент өндүрүүдөгү көйгөйлөр жана алардын аткарылышынын натыйжалуулугун жогорулатуу” боюнча тегерек стол өткөрүп, анда мыйзамдык боштуктар, аткаруудагы тоскоолдуктар жана процессти ылдамдатуунун жаңы механизмдери талкууланды. Коомдо курч турган бул маселе боюнча биз Башкы прокуратуранын бөлүм башчысы Клара Тавалдиевна кепке тарттык.
– Клара айым, тегерек столдо алимент өндүрүүдөгү көйгөйлөр жана анын аткарылышынын натыйжалуулугун жогорулатуу жолдору талкууланды. Маселе канчалык курч? Жылына канча үй-бүлө ажырашат жана канчасы алимент өндүрүүгө аргасыз болот?
– Бул өтө олуттуу социалдык маселе. Жыл сайын орточо 20–25 миң үй-бүлө ажырашат. Ар бир ажырашуу – бир нече баланын тагдыры деген сөз. Ажырашуулардын басымдуу бөлүгүндө алимент маселеси көтөрүлөт. Демек, миңдеген жарандар сот аркылуу алимент өндүрүүгө аргасыз болуп жатышат. Ошондуктан азыр алимент өндүрүүнү жеңилдетүү, аткарууну ыкчамдатуу жана натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча тиешелүү иштер жүрүп жатат.
– Жарандык никеде жашагандар алимент өндүрө алабы? Мыйзам жол береби?
– Албетте, жол берет. Баланын укугу ата-эненин никеси катталган-катталбаганына карабай корголот. Эгер жарандык тартипте жашап, кийин ажырашкан болсо да сотко кайрылып, алимент өндүрүү тууралуу чечим чыгартып алууга толук укугу бар. Мыйзамдын башкы принциби – баланын кызыкчылыгы.
– Аткаруу барагын алимент өндүрүүгө аракет кылгандар сот аткаруучуга убагында бербеген учурлар көп экен. Мунун кесепети кандай болот?
– Сот чечим чыгаргандан кийин аткаруу барагы сот аткаруучуларга берилмейинче иш башталбайт. Айрымдар ошону эске албай убакытты өткөрүп жиберишет. Бир-эки жылдан кийин кайрылганда алимент төлөөчү чет өлкөгө чыгып кетиши же дарегин өзгөртүп салышы мүмкүн. Ошондо өндүрүү кыйла татаалдашат. Ошондуктан жарандар чечим чыккандан кийин дароо сот аткаруучуга бериши керек.
– Катталган жерин алмаштырып, алименттен качкандарга кандай чара көрүлөт?
– Бул да олуттуу көйгөй. Айрымдар аз төлөш үчүн борбордон чыгып, айылга каттоого турушат. Аймактык көрсөткүчтөр алименттин өлчөмүнө таасир этет. Дарегин улам алмаштырган адамды издеп, өндүрүү сот аткаруучулар үчүн кыйынчылык жаратат. Мындай учурда жоопкердин убактылуу жашаган жерин аныктап, тиешелүү органдарга так маалымат берүү маанилүү. Ошол эле учурда мыйзамды өркүндөтүү багытында бардык балдар үчүн бирдей минималдык өлчөм киргизүү маселеси каралууда.
– Алимент – бул жазалообу же баланын укугун коргообу?
– Алимент – жаза эмес. Бул, биринчи кезекте баланын укугун коргоонун укуктук механизми. Мамлекет ата-энеге “бала – экөөңөрдүн тең милдетиңер” деген жоопкерчиликти эскертет жана аны аткарууга милдеттендирет. Алимент – баланын тамак-ашына, кийимине, билимине, ден соолугуна жана толук кандуу өсүп-өнүгүшүнө багытталган каражат. Ошондой эле алимент акча өндүрүү гана эмес, ата-энелик милдетти мыйзам аркылуу бекитүү болуп саналат. Бала ата-энесинин ортосундагы таарынычтын, өч алуунун же тирешүүнүн курмандыгы болбошу керек. Ар бир ата-эне түшүнүшү зарыл: ажырашуу – экөөнүн жеке чечими, ал эми баланы багуу – өмүр бою сакталуучу жоопкерчилик. Мамлекет дал ушул милдеттин үзгүлтүксүз аткарылышын камсыз кылуу үчүн иш алып барат.
– Нотариалдык приказ деген эмне?
– Нотариалдык приказ – талаш жок учурда сотко кайрылбай эле нотариус аркылуу алимент өндүрүүнү жөнөкөйлөштүргөн тартип. Нотариус чыгарган документ аткаруу күчүнө ээ болуп, түз эле сот аткаруучуларга берилет. Бул убакытты үнөмдөйт жана процессти ылдамдатат.
Өсөрөв Нурбек: “Мен алиментке акча үчүн эмес, жоопкерчилик үчүн бердим”
Алимент – жыныска эмес, ата-энелик жоопкерчиликке байланышкан милдет. Коомдо алиментти көбүнчө аялдар өндүрөт деген түшүнүк бар болгону менен, Өсөрөв Нурбек эркек киши катары өзү алимент өндүрүүгө кайрылып, баланын укугун коргоодо жоопкерчилик жыныска бөлүнбөй турганын көрсөттү. Ал бул кадамын бала алдындагы милдетти мыйзам аркылуу бекемдөө деп эсептейт.
– Нурбек, эмне үчүн алимент өндүрүүгө кайрылдыңыз?
– Жубайым экөөбүз жашай алган жокпуз. Кызым 6 айлык кезинде ажыраштык. Өз ара келишим менен кызды мен карап калдым, ал Россияга кетти. Башында тынч эле жүрдүк. Бирок убакыт өткөн сайын маселелер жаралды. Ошондо сотко кайрылууга аргасыз болдум. Алиментке акча үчүн эмес, кызымды талашпасын, жоопкерчиликти сезсин деген ой менен бердим.
– Эркек киши үчүн бул процесс канчалык оор?
– Абдан оор экен. Психологиялык текшерүүдөн өтөсүң, үй шартыңды текшеришет, канча чарчы метрде жашайсың – баарын карашат. Кээде өзүңдү далилдеп жаткандай болосуң. Эркек киши алимент өндүрүүдө көбүрөөк тоскоолдукка туш болот экен.
– Энелик укуктан ажыратуу тууралуу ойлондуңуз беле?
– Азырынча андай чечимге келе элекмин. Эгер кызымды тартып алам десе, анда ойлонушум мүмкүн. Мен үчүн алимент – акча эмес, жоопкерчиликти мыйзам жүзүндө бекитүү.
– Баланы жалгыз багуу кандай экен?
– Кыйын. Эркек киши көбүнчө иштеп, каражат таап келүүгө көнгөн. Ал эми бала багуу – күнү-түнү эмгек. Мага ата-энем жардам берди. Алар болбосо жалгыз багуу оор болмок. Кызым азыр 5 жашта. Көрүнгөндүн көзүн карап өспөсүн деп өзүм алып калгам.
– Демек, алимент сиз үчүн каражат эмес?
– Так ошондой. Бул – мыйзам аркылуу “сен да жоопкерсиң” деп бекитүү. Башында өз ара келишим менен эле жүргөнбүз, бирок убакыт өткөн сайын мыйзамга таянуу зарыл экенин түшүндүм.
Чынайым Кутманалиева