“Клеопатранын” ролун ойногон Элизабет Тейлордун 90 жылдыгы белгиленди
27-февралда, “Оскар” сыйлыгынын үч жолку ээси, “голливуд ханышасы” аталган актриса Элизабет Тейлордун 90 жылдыгы белгиленди.
1932-жылы 27-февралда төрөлгөн актрисанын ата-энеси Фрэнсис Ленн Тейлор жана Сара Виола Вомбродт дагы театр актёрлору болушкан. Ошондуктан бала кезинен тартып аны актёрдук чеберчилик курстарына алып барышкан. Мындан сырткары бийлегенди, пианинодо ойногонду үйрөтүшкөн.
Актриса он жашында Харольд Янгдын «Адам ар бир мүнөт сайын төрөлөт» комедиясында дебют жасаган. Ага популярдуулукту “Заговорщик” тасмасы алып келген. Ушул тасмадагы ролун киносынчылар жогору баалап, Тейлорго чейин эч ким күчтүү аткара албаганын белгилешкен.
Элизабет Тейлорго «Оскар» сыйлыгы “Клеопатра”, “Баттерфилд 8” жана “Виржиния Вулфтон ким коркот?” тасмаларындагы ролдорунан кийин берилген.
Ал жалпысынан 60тан ашык тасмага тартылган. Алардын бири «Көк чымчык» — биринчи советтик-америкалык тасмасы болуп калды.
Белгилей кетсек, актриса 2011-жылы 23-мартында 79 жаш курагында жүрөк оорусунан улам кө жумган.